Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

18:09 Чолпоната шаарындагы эски базардын жабылганына анда иштегендер нааразы болууда


Чолпоната шаарындагы “Элнур” базарынын санитардык, архитектуралык жана өрт коопсуздук жагы талаптагыдай болбогондуктан аны жаңы базарга көчүрүү аракети акыркы 2-3 жылдан бери жүрүп аткан. Учурунда базар башчысы Света Асанова "Реформа үчүн" кыймылы жана Элдик фронттун атайын штабын ачып, улам бир саясий окуяларга активдүү катышкандыктан элдин тынчтыгы үчүн бул базар жабылбай турган дешет. 2-апрелден бери эски базар жабылып, бардык эшиктерин милиция кызматкерлери кайтарып турат. Бирок соодагерлер ичиндеги товарларын албай, жаңы базарга да көчпөй атышат. 3-апрелде райондун прокурору Данияр Эркинбаев базардын жабылышына негиз бар, жергиликтүү бийликтин кадамы туура деген бүтүм чыгарды, бирок соодагерлер нааразы болуп, эми жогорку инстанцияларга кайрыла тургандыктарын белгилешүүдө. Жергиликтүү бийлик болсо прокурордун мындай чечиминен кийин базар сөзсүз түрдө көчүрүлөрүн эскертти. (RB)

XS
SM
MD
LG