Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

18:30 Бүгүн ЕККУнун Оштогу өкүлү Жалалабат облгубернатору менен жолугушту


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ошко жаңы дайындалган өкүлү Божидар Дмитров бүгүн облус губернатору Кошбай Масиров менен жолугушту. Жолугушууда социалдык-экономикалык багытта эки тараптуу кызматташуу жана ЕККУнун облустагы аткарыла турган долбоорлору тууралуу сөз жүрдү. Божидар Дмитров чек арачыларды окутуу жана Жалалабат шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн курулушуна көмөк көрсөтүү, миграция жаатында кызматташаарын билдирди. Мындай маалымат облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартовдон алынды. Шаардагы ички иштер бөлүмүнүн имараты 2005-жылдагы март ыңкылабы маалында өрттөнүп кеткен. Облустагы жумуштуулук комитети 2006-2007-жылдарда облустун 53 миңден ашык тургуну сыртта иштеп жүргөнүн статистика комитети ырастаганын билдирген. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG