Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

АПРЕЛДЕ ПАРЛАМЕНТ ЭНЕРГЕТИКА ТАГДЫРЫН ЧЕЧЧҮДӨЙ


Энергетика тармагына байланыштуу өкмөт сунуштаган төрт мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш апрель айында карамай болду. Мындай чечимди парламент апрель айынын күн тартибин талкуулаган бүгүнкү жалпы отурумунда кабыл алды. Шайлоочулар менен бир жумалык жолугушуудан кайткан депутаттар жалпы отурумда өлкөдөгү көйгөйлүү деп саналган маселелерди көтөрүштү жана бир катар мыйзамдарды кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров баштаган 20 депутат учурда Санкт-Петербургда расмий сапарда жүрөт. Төрага орун басары Чолпон Баекованын жетегинде парламент отуруму күн тартибине киргизилген он маселени карады. Алардын ичинен талаш жараткан “Пайыздар, туумдар, каржы, айып санкциялары боюнча кошуп эсептелген карыздарды реструктуризациялоо боюнча” мыйзам долбоору болду.

Энергетика ишканаларынын кайтарымсыз деп саналган 1 млрд. 400 миллион сомдон ашык карызын жоюуну караган бул мыйзам долбооруна Коммунисттер жана Социал-демократтар фракциялары каршы чыгышты. Муну фракциялар караламан элдин кызыкчылыгына төп келбейт деп негиздешти. Бирок иш сапарда жүргөн “Ак жол” фракциясынын 11 депутатынын добуштарын алардын ишеним каттарынын негизинде добуш берүүнүн тыянагына кошкон төрага орун басары Чолпон Баекова мыйзамды өттү деп жарыялады. Мындай чечимди калган эки фракция көпчүлүктү түзгөн “акжолчулар” күчтөп кабыл алды деп эсептеди:

- Эгер ишеним катты көтөрө турган болсок, анда мазмунун көрсөткүлө. Ал жерде мыйзамга ылайык келбейт, - деди Коммунисттер фракциясынын төрагасы Искак Масалиев.

Мыйзам долбоорлорун караардын алдында парламентте ар кандай маселелер боюнча пикир алышуу болду. Шайлоочуларды кыдырып кайткан депутаттар маанилүү деп саналган бир топ маселелерге көңүл бурууну өкмөткө сунуш кылышты. Маселен, депутат Роза Абдыраимова тездик менен өсүп бараткан дан азыктарына баанын артынан эми кант азыктары кымбаттап кетиш ыктымалдыгын белгиледи:

- Биздеги заводдор кызылчаны кабыл албайт. Баа саясаты туура эмес жүрүп жаткандыктан, эл да кызылчаны айдабай койду мына. Ушул маселени көңүлгө албасак эртең кант кымбаттайт.

Депутат Бейшебек Абдырасаков жаз келгени курулуш материалдары кайрадан ээ-жаа бербей көтөрүлүп, эл кымбат цементтин азабын тарта баштаганын белгиледи. Депутат Алмаз Каримовдун айтымында, Кызылкыя цемент заводунда коррупция күчөп турат:

- Шофер болуп кириш үчүн эле 20 миң сом төлөш керек экен.

Ал эми депутат Жангороз Каниметов Ысыккөлдүн экономикалык, экологиялык абалы опурталдуу жагдайда турат деп эскертти:

- Көлдүн жээгинде участкалар калган эмес. Бардыгын мамлекеттик кызматкерлер бөлүп-бөлүп алышкан. Бүгүн кертип сатып отурушат.

Депутат Дербишева Баетов айылындагы жатак мектептеги балдардын жашоо тирдигинин абалын мисалга тартты:

- Нандын баасы он сом болуп турганда булардын бир күндүк тамагы сегиз сом. Мен билбейм, булар кантип жашашат?

Бир топ депутаттар Токтогул ГЭСиндеги акыбалга күндүн башкы маселеси катары карашууда. Маселен, Осмонбек Артыкбаевдин айтымында:

- Азыр ушуну талкуулабасак, кеч болуп калат. Кышында Тажикстандагы акыбалга кабылып калышыбыз толук мүмкүн.

Энергетика маселесине өкмөт башкача өнүттө маани берүүдө. Башкача айтканда, өкмөт энергетика тармагын менчиктештирүүгө байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүүгө көбүрөөк ынтызар. Ошондуктан, премьер-министрдин парламенттеги өкүлү Мырза Капаров парламенттин апрелдеги күн тартибине сунуш берди:

- Басымдуу айтып коеюн дегеним - төрт мыйзам бар. Алар “Кыргыз республикасынын стратегиялык обьектилери жөнүдө”, “Электр энергетика жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө”, деген анан Энергетиканы менчиктештирүү боюнча төрт мыйзам бар. Төрага сегиз комитетке жазып жөнөткөн. Чоң өтүнүч: ошол апрель айында караш үчүн ушул жумада, аркы жумада керектүү комитеттер мыйзам долбоорлорун карап берсеңер – министрлер, эксперттер качан десеңер даяр.

Мырза Капаровдун сунушунун негизинде парламент аталган төрт мыйзам долбоорун күн тартибине киргизди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG