Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Кыргызстанда энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/0809A6D2-86B4-4AEE-A48F-19EDB9261117.asp тармагы ири реформанын алдында турат. Өкмөт Бишкек ТЭЦи, “Түндүкэлектро” жана “Бишкекжылуулук” тармагын менчиктештирүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке жолдоду. Ушул эле мыйзам аркылуу өкмөт мындан ары отун-энергетика тармагын менчиктештирүүгө Жогорку Кеңешти аралаштырбоону чечүүдө. Өкмөт андан сырткары “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамды жокко чыгарууну парламентке сунуштады.

1996-жылы кабыл алынган “Энергетика” жөнүндөгү мыйзамдын 5 беренесинде өлкөнүн отун-энергетика тармагын менчиктештирүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт деп жазылган. Ушул эле мыйзамдын 13 беренесинде Улуттук энергетикалык программаны өкмөт иштеп чыгат, парламент жактырат, ал эми президент бекитет деп белгиленген.

Өкмөт учурда бул мыйзамды өзгөртүп, менчиктештирүүнү парламенттин макулдугусуз, энергетикалык программаны болсо президент аркылуу гана бекитилишин жактоодо.

Өкмөт ошону менен катар Бишкек ТЭЦи, “Түндүкэлектро” жана “Бишкекжылуулук” тармагын менчиктештирүүнү караштырууда. Бул маселени Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу боюнча комитет келерки жумада 8-апрелде кароого киришет. Өкмөт бул ири үч ишкананы менчиктештирүүнүн үч жолун караштырууда. Алардын биринде ишенимдүү башкарууга берүү, экинчисинде концессияга берүү жана үчүнчүсү боюнча сатуу каралган. Өкмөт булардын ичинен үч ишкананы бириктирип бир стратегиялык инвесторго сатууну жактоодо.

Өкмөт ошондой эле 2002-жылы кабыл алынган “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамы” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарууга аракеттенүүдө. Бул мыйзамда ГЭСтерди жана жогорку чыңалуудагы электр линияларын менчиктештирүүгө тыюу салынган. Мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Тайырбек Сарпашев өкмөт бул мыйзамды жокко чыгаруу менен ГЭСтерди менчиктештирүүгө баратат деп шекшийт:

-Бул мыйзам кабыл алынса жалаң эле бөлүштүргүч компаниялар эмес, курулуп калган Токтогул ГЭСине окшош чон-чоң ГЭСтерди менчиктештирүүгө жол ачылат. Бирок өкмөт бүгүнкү күндө ГЭСтерди сатыш керек деп айта элек. Бирок ал мыйзамды жокко чыгаруунун өзү, мени мыйзамдын автору катары кооптондуруп турат. Демек булардын оюнда бөлүштүргүч компаниялар менен эле токтоп калбастан, андан ары өрчүп кетет деген ой кооптонууну пайда кылууда.

Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев өкмөт бул мыйзам долбоорлору аркылуу Жогорку Кеңешти менчиктештирүү жараянынан четтетүүгө аракеттенүүдө деп эсептейт:

-Өкмөт жеңил жол тапты. Азыр депутаттарды менчиктештирүүдөн алып таштап жатышат. Бул үчүн “Менчиктештирүү” боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип жатышат. Мурда Жогорку Кеңештин макулдугу менен менчиктештирүү болуш керек дегенди жокко чыгарууда. Ошону менен бардык жокту бүтүрүшөт. Кыйналышпайт, депутаттардан уруксат сурабайт. Тийиштүү орган сунушту берет, өкмөт токтом менен беките берет.

Масалиев бул мыйзам парламентте өтүп кетет деп чочулайт:

-Мен коркуп жатам өтүп кетет деп. Анткени өтүп кеткенге мүмкүнчүлүк бар. Бул жерде партиялык тартип болгондон кийин, эгерде (“Ак жол”) партиянын саясий бюросу, же жетекчилиги ушул саясатты ачык колдосо, анда өтөт. Менин оюмча эки фракция (коммунисттер жана социал-демократтар) каршы болот.

Бирок бул эки фракция мүчөлөрүнүн аздыгына байланыштуу парламенттеги жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте абайт.

Ал эми оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидерлеринин бири Темир Сариев ГЭСтерди менчиктештирүүнү чоң катачылык катары баалайт:

-Бул чоң катачылык болот. Анткени курула турган ГЭСтерге инвестор алып келип, биргелешкен ишкана кылса болот. Ал эми курулуп иштеп жаткан, абдан рентабелдүү ГЭСтерди бирөөнүн колуна берип коюштун кажетин көрбөй турам.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG