Илимий-тажрыйбалык жыйында медицина кызматкерлери жүрөк тамыр жана бронхиалдык ооруларды көзөмөлдөө жана профилактикалоодо жаңыча окуулар, жаңы технологиялар боюнча тажрыйба алмашышат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2004-жылдагы маалыматына караганда мээге кан куюлуп каза болгондор боюнча Евроазиялык аймакта Кыргызстан биринчи орунга чыккан. Ал эми жүрөк инфаргынан каза болгондор боюнча алтынчы орунда турат. (AJ)