Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

ФРАНЦИЯ ООГАНСТАНГА КОШУМЧА АСКЕР ЖИБЕРЕТ


Франциянын чыгыш Ооганстанга кошумча аскер жибере тургандыгы тастыкталды. Бул тууралуу Бухарестте өтүп жаткан НАТОнун саммитинде --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/8B5BE005-3FE4-454B-9A06-B5B39E71AB87.asp жарыяланды. Бирок Кошмо Штаттары өз шериктерине Ооганстандагы татаал абалга жетиштүү кол кабыш кылбайт деп кине коюуда.

НАТО лидерлери кечээ Бухарестте жабык эшик артында жолугуп, Франциянын президенти Никола Саркозинин Ооганстанга Франциядан кошумча аскер жиберүү сунушун талкуулашты.

Франциянын Ооганстанда азыр бир жарым миң аскери турат. 2006-жылдан бери алар негизинен түштүктөн алда канча тынч баш калаа Кабулдун айланасында турушат. Кошмо Штаттарынын жана Канаданын кысымы менен Саркози чыгыш Ооганстанга бир батальон жөнөтөөрүн бышыктады. Батальондо адатта 600-700 аскер болот.

Коогалуу түштүктөгү Кандагар дубанында Канаданын 2 жарым миң аскери бар. Соңку эки жылда талибдер менен оор салгылаштар жүргөн бул аймакка НАТОнун башка өлкөлөрү кошумча аскер жибербесе, Канада келерки жылы аскерлерин алып кетээрин эскерткен эле. Андан бери Кошмо Штаттары Кандагарга 3 жарым миң аскерин жөнөттү, бирок армия башчылары аларды жети айдан ашыкка калтырбай тургандыгын айтышууда.

Ооганстанда баарынан көп күч кошкон - Кошмо Штаттары. НАТОнун бул өлкөдөгү 47 миң аскеринин 15 миңи – америкалыктар. 7800 аскери менен Британия экинчи, ал эми 3 жарым миң аскер кошкон Германия үчүнчү орунда.

АКШнын президенти талибдер жана “ал-Каида” менен күрөштө бул дале жетишсиз экендигин мындайча эскертти:

-Айрым өлкөлөр аскерлерин согушка жиберүүгө башка өлкөлөрдөн көбүрөөк дареметтүү. Биз кээ бир мамлекеттерде аскер кошууга тыюу салынганын жакшы түшүнөбүз. Бирок биздин шериктер бул милдетке олуттуу мамиле кылышса, себеби бул бардыгыбыз үчүн маанилүү нерсе.

Айткандай эле, Францияда Ооганстанга кошумча аскер жиберүү өтө талаштуу маселе. Мисалга, оппозициядагы Социалисттик партиядан шайланган депутат Пиер Московиц президент Саркозини коңшулаш Германияны көзгө илбей, АКШ президентинин айтканынан чыга албай атат деп сынга алды:

-Франциянын дипломатиясында жана Франциянын коргонууга карата саясатында англо-саксон бурулушу болуп жатат. Бул Никола Сакози бийликке келгенден башталды.

Московицтин корккону - Франция АКШнын жетеги астында Ооганстандагы бүтпөгөн согуштун сазынан чыга албай калышы мүмкүн. Франциянын Конституциясы президентке парламенттин макулдугусуз согуш аймагына аскер жиберүүгө уруксат берет. Ошого карабастан, социалисттер буга көп атуулдар каршы болгондуктан, Саркози парламенттен колдоо алышы керек болчу деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG