Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Маектешкен Акан Иманов, Бишкек Жакында эле Өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министрлиги Токтогул ГЭСинде көчмө жыйын өткөрүштү. Талкуу Кыргызстандагы энергетикалык кризиске байланыштуу болуп, өлкөдөгү энерго компаниялардын жетекчилери катышты. Алар суу сактагычтагы абал менен жеринен таанышып, кризистен чыгуунун жолдорун бирге издешкен. Жыйынды жетектеген өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков менен энергетикадагы жалпы абал, ГЭСтеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/E260004A-9044-4921-A74F-1C84A8D34BF0.asp суунун аздыгы, бөлүштүрүү компанияларынын менчиктештирилиши, газдын камбатташы, жаңы ГЭСтердин курулушу тууралуу кабарчыбыз Акан Иманов маектешкен.

-Азыркы маалда Кыргызстандын баардык аймактарында электр жарыгы үнөмдөлүүдө. Бул энергетикалык кризистен чыгуунун кандай жолдору каралууда?

-Биз ар дайым өлкөнүн электр жарыгына болгон муктаждыгын толук көлөмдө аткарып келгенбиз. Азыр дагы ошол милдетибизден жазбай эмгектенүүдөбүз. Биз, энергетиктер, татыктуу болгон даражага көлөкө түшүргүбүз келбейт.

Азыр энергетикалык кризистен чыгуунун үч жолу каралууда. Биринчиси - электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу. Экинчиси – Бишкек жылуулук электр централынын кубатуулугун жогорулатуу. Эгер буга чейин Бишкек ЖЭЦи 800-850 млн киловатт саат электр жарыгын чыгарган болсо, бул жылы биз 2 млрд киловатт саат энергияны өндүрүү максатын коюудабыз. Үчүнчүсү - биз коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп, өлкөгө отун ресурстарын алып келишибиз зарыл.

-Электр жарыгын үнөмдөө канча убакытка созулат?

-Негизинен биз электр жарыгын үнөмдөө боюнча бир жылдык керектөөнү эсептеп чыктык. Биз бул жылы кийинки жылга караганда бир жарым млрд киловатт саат азыраак колдонсок, анда кыш мезгилинде өлкөнүн баардык аймактарын электр энергия менен толук камсыз кыла алабыз. Ошондуктан үнөмдөө бир жылга эсептелген. Бирок бул үнөмдөөнүн өлчөмү жаан-чачын менен муздардын эришине байланыштуу болот.

-Өткөн ызгарлуу кыш сууну канча эсе көп колдонууга мажбур кылды?

-Январь жана февраль айларында эле электр жарыгын өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 450 млн киловатт саат көбүрөөк колдондук. Бул 700 млн. куб метр суу дегенге барабар. Ушул эле маалда Токтогул суу сактагычына 300 млн куб метр суу азыраак келген. Натыйжада, 2007-жылдын ушул маалына салыштырмалуу биз 1 млрд. куб метр сууну Токтогул ГЭСинде топтой албай калдык.

-Түркмөнстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан 2009-жылы көгүлтүр отту европалык баа менен сатууга макулдашты. Демек биз дагы ошол баа менен сатып алабыз. Айтыңызчы, эгер биз апрель айында коңшулар менен келише албасак, Кыргызстандын байлыгы болгон сууну сугат маалында аларга кое беребизби?

-Нарын Сырдарыя каскады төрт мамлекеттин кызыкчылыгын туудурат. Бул - Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрү. Бирок, тилеке каршы, акыркы үч жылда кошуналар биз менен кызматташуудан баш тартып келишкен. Бул жылы электр жарыгынын аз болуу коркунучунан тышкары сугат маалында Кыргызстан коңшу мамлекеттерди суу менен камсыз кыла албай калышы мүмкүн. Ошондуктан, менимче алар бул жагдайда биз менен орток келишимге келүүгө аргасыз болушат. Эгер тил табыша албай калсак, анда биз өз сууларыбызды сөзсүз турдө өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кана колдонуп баштайбыз.

-Бишкек шаарындагы үйлөрдүн көпчүлүгү көгүлтүр от менен жылытылып келет. Эгер биз аны дүйнөлүк баа менен сатып ала турган болсок, эл бүгүнкү жашоо шарты менен бул акыны көтөрө алабы?

-Көгүлтүр отко болгон баа биринчи кезекте бизге сатылып келген наркка байланыштуу. Эгер биз Түркмөнстан, же Казакстанга окшоп өзүбүздүн жаратылыш ресурстарыбыз болгондо газдын акысын тең салмакта кармай алмакпыз. Бирок биз толугу менен сырткы наркка көз карандыбыз. Эгер Казакстан келээрки жылы көгүлтүр оттун баасын көтөрө турган болсо, бул дароо жаратылыш газы менен жылуулук берүү тармагындагы баанын дагы көтөрүлүшүнө алып келет. Биз мындан качып кете албайбыз.

-Ал эми электр тармагын менчиктештирүү иштери качан башталганы турат?

-Биринчи кезекте электр жарыгын бөлүштүрүү ишканалары менчике берилет. Алгач алардын бирөө жеке колго өтөт, анын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо анда калган үч ишкана дагы сатууга коюлат. Менчиктештирүүнүн атайын белгиленген мөөнөтү деле жок. Бирок бул жылы бир бөлүштүрүү ишканасынын сатыла тургандыгы белгилүү. Ал эми ГЭСтер менен жогорку вольттогу линиялардын менчикке берилүүсү тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес жана болбойт.

-Азыркы тапта курулуп жаткан Камбарата-2 ГЭСинде курулуш кандай деңгээлде жүрүп жатат?

-Кыш мезгилинде бир аз токтоп калган иштер жаздын келиши менен жанданууда. Апрель айынан тарта бетон куюу, арматура орнотуу өңдүү ачык курулуш иштери күчөп, жумуш тездөөдө. Буюрса, биз болжолдогон мөөнөттө пландалган ишти аяктайбыз. Ал эми жумушчулардын айлык акылары тууралуу сөз кыла турган болсок, жаңылбасам алардын орточо маянасы 400 АКШ долларын түзүүдө. Албетте муну чоң айлык деп айтууга болбойт, ошондуктан биз маянаны көтөрүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз.

ГЭСтин курулушун каржылоо азырынча жетишээрлик. Өткөн жылдын ноябрь айында өкмөт тарабынан 300 млн сом бөлүнгөн эле, эми жакында эле дагы 300 млн сом которулду. Мындан тышкары “Электрстанциялары” акционердик коому дагы өз эсебин ачып каржылоого киришти. Бул каражаттар курулушту толук көлөмдө жүргүзүү үчүн азырынча жетиштүү болууда.

-Ал эми Камбарата-1 ГЭСинде курулуш иштери башталдыбы?

-Камбарата-1 менен Камбарата-2 ГЭСтери бир долбоор болуп эсептелинет. Союз маалындагы проект боюнча алгач Камбарата-2 курулуп, биринчи генератору ишке киргенден кийин, Камбарата-1 ГЭСинде иш башталмак. Азыр ал жерде дагы иш жүрүүдө. Биз казакстандык жана орусиялыктар менен биргеликте ГЭСтин техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн Франциянын “Электросетидефраз” ишканасы менен келишкенбиз. Бул иш 13 айга созулмакчы. Андан кийин кана Камбарата-1 ГЭСинин курулушу боюча суроолор чечилет. Биздин эсебибиз боюнча 2012-2013-жылдары иш башталып калат.

-Маегиңизге ырахмат.

Сүрөт www.gov.kg интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG