Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек 2008-жылдын май айынан тартып, оң жактагы рулу бар машинелерди өлкө ичине алып кирүүгө тыюу салуу маселени Жогорку Кеңеш ушул айда карашы күтүлүүдө. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов “Азаттык” үналгысынын суроолоруна жооп берди.

-Улукбек мырза, буга чейин оң рулдуу машинелерди өлкө ичине алып кирүүгө тыюу салуу маселеси 2010-жылы каралат деп маалымдалган эле. Эми 2008-жылдан тартып тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору даярдалган экен, ушул тууралуу айтып өтсөңүз.

-Бул маселени тактап коюш керек. 2010-жылдан баштап колдонууга тыюу салуу мыйзамы кабыл алынган, үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Кеңештен. Ошол мыйзамга президенттин өзгөртүүсү келген. Ошол сатып алган кишилердин күнөөсү жок, ошондуктан сатып алган машинесин толук колдонууга мумкүнчүлүк берели деп 2010-жылы киргизиле турган тыюуну жоюу боюнча.

Ошол эле убакытта биздин коңшу мамлекеттердин бардыгында оң рулдуу машинелерди колдонууга тыюу салынган. Бүгүнкү күндө Тажикстан жакында киргизди, Казакстанда, Өзбекстанда тыюу салынган. Ушул коңшулаш мамлекеттердеги эски машинелердин бардыгы Кыргызстанга келүү коркунучу бар. Ошондуктан биздин комитетте бул маселе каралганда биринчи мыйзам түрүндө сунуш болгон болчу, бирок талкуудан кийин муну өкмөткө тапшырма катары берүү маселеси каралды. Мыйзам долбоору эмес, бул өкмөткө токтомдун негизинде тапшырма берилет, 15-майдан оң рулдуу машинелерди киргизүүгө тыюу салуу жөнүндө маселени карагыла деп тапшырма бердик.

-Бул өз кезегинде он миңдеген айдоочулар өз укуктарын талашып, кайра пикет, митингдерди өткөрүп, коомдо туруксуздукту туудурбайбы?

-Журналисттер ушуну туура түшүнсөңүздөр. Журналисттер туура эмес айтып жатат. Чындыгында ошол 2010-жылдан тарта оң рулдуу машинеси барларга такыр тыюу салуу мыйзамы алынып салынууда. Бүгүнкү күндө жалпы маалымат боюнча жети миң машине кирген. Ошол оң рулдуу машине алган кишилерге эч кандай коркунуч жок, тескерисинче аларды толук колдонууга мумкүнчүлүк берилет. Жаңы машинелер кирбесин деген гана сунуш.

-Эми ошол оң рулдуу машинелерге тыюу салуу жол кырсыгынын көбөйүшүнөн болуп жатабы?

-Жол кырсыгынын көбөйүшүнөн, андан тышкары биздин коңшу мамлекеттердин бардыгы тыюу салгандыктан бүт ошол жактагы эски машинелердин бизге агылып келишинен болуп жатат.

-Ошол жол кырсыктары дал ушул оң рулдуу машинелерден болуп жатат деген маалыматты өзүңүздөр тактадыңыздарбы?

-Бул маселе боюнча Ички иштер министрлигинде атайын эсеп жүргүзүлбөйт экен. Бирок мына 2008-жылдан баштап бул эсепти жүргүзүүнү башташты. Мурда жол кырсыгына оң рулубу, сол рулубу, эч ким караган эмес экен. Атайын тапшырма менен кайрылдык. Мына 2008-жылдан баштап жүргүзө баштады.

-Бирок алар сиздерге маалымат бердиби?

-Толук маалымат бере элек. Бирок ошол эле учурда Кыргызстанда эрежелер оң жактуу жүрүү эрежеси деп аталат.

-Жол кырсыгы демекчи, эмне үчүн жол кырсыгынын көбөйүшү боюнча автожолдордун талапка жооп бербеген азыркы абалы эске алынбайт?

-Эске алынып жатат. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстанда президент койгон тапшырма бар: жыл сайын 100 километр жаңы жолду киргизүү боюнча. Жылдан-жылга бюджетте ушул жол тармагына бөлүнгөн каражатты көбөйтүп жатабыз. Быйыл дагы 1 жарым миллиарддай акча бюджеттен каралды.

-Оң рулдуу машинелерди жок кылуу кандайдыр бир топ адамдардын кызыкчылыгын көздөбөйбү? Анткени машине сатып келүүчүлөр арасында эле таза эмес атаандаштык болот экен...

-Эми андай сөздөр айтылып жүрөт. Бирок мен ойлойм бул жерде андай эч кандай сөз жок. Негизгиси - Кыргызстан элинин коопсуздугу. Себеби бул оң рулдуу машинелердин фарасы дагы башкача күйөт, жолдо жүргөндө алдыдагы машинени кууп өтөм дегенде толук “встречная полосага” чыгат. Ушул жактары гана эске алынган. Дагы бир жолу кайталап кетейин: бул өкмөткө тапшырма гана катары берилди, өкмөт өзү карашы керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG