Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

12:37 Шаар бийлиги Элдик курултайды эски аянтта өткөрүү мүмкүн деп эсептейт


Бул тууралуу шаар бийлигинин “Акыйкат үчүн” кыймылынын кайрылуусуна жазган жообунда айтылганын мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн “Азаттыкка” тастыкташты. Аталган кыймыл кайрылуусунда 12-апрелге белгиленген Элдик курултайды спорт ордосунда же филармонияда, же болбосо парламент алдындагы аянтта өткөрүүгө уруксат сураган. Мэриянын жообунда спорт ордосу менен филармония өз алдынча мекеме болгондуктан курултайды уюштуруучулар алар менен өз ара келишим түзүшү керектиги, эски аянтта болсо мындай иш чара өткөрүү мүмкүндүгү, бирок уюштуруучулар бул үчүн курултайдын качан башталып, качан аякташын жана ага болжолдуу канча адам катышаарын так көрсөтүшү керектиги, ошондой эле коомдук тартипти, тазалыкты сактоо жоопкерчилигин өзүнө кат түрүндө алышы керектиги белгиленген.(SM)

XS
SM
MD
LG