Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

14:29 ЖК Улуттук банк төрагасынын 2006-жыл үчүн отчетун кабыл алды


Парламентте бүгүн Улуттук банктын 2006-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу анын төрагасы Марат Алапаев отчет берди. Төрага өз баяндамасында 2006-жылы инфляция 5,1 пайызыды түзгөндүгүн, бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла жакшы көрсөткүч экенин айтты. Жыл жыйынтыгында сомдун куну АКШ долларынын катышына карата 7,7 пайыздын тегерегинде болгон. Талкуу учурунда депутаттар инфлаяциянын ыкчам өсүп жаткандыгын, кредиттердин кайтарымдуулугунун өтө төмөндүгүн, инвестиция тартууга жагымдуу шарттардын түзүлбөгөндүгүн белгилешти. Ошентип жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында УБ төрагасынын отчету 66 добуш менен канааттандырарлык деп табылды. (SM)

XS
SM
MD
LG