Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Учурдагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Медиа өкүл институтунун жетекчиси Илим Карыпбеков жооп берди.

-Президент Бакиевдин жакында өкмөт жыйынында Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары өтө эле эркин болуп кеткендигин тиешелүү органдар көзөмөлгө албайт деп сынга алышын айрым байкоочулар эркин ММКларды кысмакка алуу көрсөтмөсү катары баалашты. Ал эми расмий бийлик болсо президенттин мындай сөзүн алар бурмалап жатат деп айтып атышат. Сиздин буга көз карашыңызды билсек?

-Мен ММКлардын баарын жана коомчулукту чыдамдуулукка чакырат элем. Себеби сөз айтылды, ошонун негизинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын баары кысымга алынып токтотулуп калат дегенине мен кошула албайт элем.

Себеби өзүңүздөр билесиздер, буга чейин деле бул президент, өз учурунда Аскар Акаев дагы түзмө-түз кысымга алуу жөнүндө чакыруу мааниде айтылган сөздөрү да болгон. Бирок конкреттүү түрдө иш жүзүндө андай болгон эмес. Бул ар бир жыйындын гана ички маселенин чечилиши жөнүндө болгон иш аракеттин негизинде айтылган сөздөр го деп ойлом. Менимче бул айтылган сөздөр президенттин ооруканада жаткан учурда көп ММКлардын ар кандай карама-каршы маалымат берүүсү жөнүндө айтылган, ошол мааниде болсо керек.

-Президенттин айланасындагы ушак-айыңдар деп сиз айтып кеттиңиз, ошого улай дегеле Кыргызстанда кандай темаларга тыюу салынат? Маселен, президенттин саламаттыгынын айланасында жазылган макаланын автору көз карандысыз “Репортер” гезитинин башкы редакторун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып жатышын кандай бааласа болот?

-Ал киши бизге, Медиа өкүл институтуна кайрылган болчу, биз толук түрдө бул жөнүндө консультация бергенбиз жана бизде бул боюнча маалымат бар. Ал жерде Улуттук коопсуздук комитети чакырган себеби, ошол гезитте жарыяланган материалдын булактарын айтуу жөнүндө азырынча сураныч болгон ал тараптан.

Бирок ал жерде журналисттер өзүлөрүнүн укугун билиш керек. Алар ошол булакты ачпоого укугу бар. Анан ар бир ошондой булакты изденүү Улуттук коопсуздук комитети болобу, Башкы прокуратура болобу, же башка укук коргоо органы болобу сот аркылуу гана алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан эгерде Улуттук коопсуздук комитети кандайдыр чектен ашып, өзүнүн ресурстарын колдоно баштаса, бул албетте мыйзамдан чыгуу болуп эсептелет.

-Президенттин туугандарынын көз карандысыз гезиттерди сотко бериши эркин басылмаларды түздөн-түз кысым катары баалоого болобу. Маселен ошол эле “Де факто” жана “Алиби” гезиттеринде адамдын кадыр-баркына шек келтире турган маалымат жарыяланды беле?

-Бул жөнүндө өзүмдүн позициямды мен көп жолу айттым эле. Түзмө-түз атайын кысымга алып, атайын көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражттарды жабуу үчүн багытталган деп айтууга болбойт. Себеби азыр мындай механизм, ресурстар колдонулбайт.

Мен ойлойм, эгерде бийлик бул гезиттерди жапкысы келсе башка ыкмаларды колдонмок эле. Бул жеке эле ошол Асылбек Салиевдин жана ММКлардын ортосундагы болгон мамиле чечилип атат деп эсептейм. Ошондуктан бул суроо боюнча дагы айтып кетет элем, эми бара-бара сот иши көрсөтөт канчалык деңгээлде ошол акыйкатуу экенин.

-Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG