Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

17:15 Ошто зилзаладан жабыркагандар: “Насыя иретинде берилген 200 миң сомго үй бүтпөйт”


Бул туурасында кыштагы жер титирөөдөн жабыркаган Карасуу районуна караштуу Лаңгар айылынын тургуну Токтосун Казыбеков «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, курулуш материалдарынын баасы асманда, жогорудагы акчага үйдүн жерпайы араң бүтөт. Ошондуктан, жердештери өкмөт өзү үй куруп тапшырышын талап кылышууда. Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев аймакта 1129 үй былтыркы декабрдагы, быйылкы январдагы зилзадан кулап калгандыгын, ошончо жаранга үй салып берүүгө мамлекеттин кудурети чакталуулугун, ошентсе да, 200 миң сом жоктон көрө жогору экендигин билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG