Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

14:40 “Манас менеджмент” компаниясынын ишин парламенттик комиссия иликтейт


Парламентте бүгүн «Бишкек» эркин экономикалык аймагын кайра уюштуруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор каралып, транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов баяндама жасады. Анын айтымында, транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, жарандык авиация департаментинин, «Манас» эларалык аэропорту» ачык акционердик коомунун жана «FINREP», «ITI» компанияларынын ортосундагы макулдашууларды аткаруу максатында, «Манас менеджмент» компаниясын кайрадан киргизүүгө байланыштуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагын өзгөртүп кайра түзүү муктаждыгы келип чыккан. Тактап айтканда, аталган компанияга кайрадан Кыргызстандын аймагында иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү маселеси жаралган. Талкуу учурунда депутат Бегалы Наргозуев бул коррупциялык мыйзам долбоор экенин белгилеп, бул маселе боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Натыйжада 15 кишиден турган депутаттук комиссия түзүлүп, «Манас» эларалык аэропорту» ачык акционердик коомунун жана «FINREP», «ITI» компанияларынын ортосундагы макулдашууларды иликтей турган болду.(SM)

XS
SM
MD
LG