Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Өтүп бараткан аптада энергетика тармагын менчиктештирүү үчүн өкмөт тарабынан реалдуу кадамдар жасалды. Бул кадамдар дүйшөмбү күнү, 31-марттагы кеңешмеде --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/0E9BAF0E-F548-422E-A5B2-D4705A73693C.asp президент тарабынан өкмөт сынга алынып, энергетика тармагын менчиктештирүү, Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионатты 49 жылга Казакстанга ижарага берүүнү алдыга жылдыруу, алардын маани-маңызын элге түшүндүрүүнү мамлекет башчысы талап кылгандан кийин жасалды. Өкмөт менчиктештирүүгө чырлуу Жогорку Кеңешти жакындатпаш үчүн “Энергетика” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү, ошондой эле “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамды жокко чыгарууну сунуштаган мыйзам долбоорлорун парламентке жолдоду. Апта ичиндеги урунтуу окуяларды Айданбек Акмат уулу даярдады.

28-мартта Кыргызстанга келген президент Курманбек Бакиев мурда эскертилгендей эле 31-мартта, дүйшөмбү күнү өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңиртилген кеңешме өткөрдү. Анда жалпы экономикалык кырдаал талкууланды. Президент айыл чарбасына, кайра иштетүү тармагына, энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурду. Токтогул суу сактагычындагы суунун азайышы элге электр энергиясын берүүнү кыскартууга алып жатканын эскертти:

-Азыртан кышка даярданбасак, анда Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан аябай оор абалда калабыз. Мына азыр өкмөт башчы айтпадыбы, электр энергиясын берүүнү кыскартабыз деп. Мисалы, Ысыккөл облусу, же Баткен облусуна мына бул айда, мына бул күнү мынча убакыт электр болбойт, буга даяр болгула деп бир ай, 15 күн мурун эскертиш керек. Анан эле унчукпай туруп эле өчүрө берсе , албетте нааразылык чыгат.

Курманбек Бакиев жалпы экономикалык, азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселелерди чечүү үчүн өкмөт мүчөлөрүнөн чечкиндүү кадамдарды талап кылууда.

31-мартта өткөн кеңешмеде айтылгандай өлкөнүн экономикасы оор сыноолорго тушугууда. Бул инфляциянын күчөшү, азык-түлүктөргө, күйүүчү майларга, газга баанын көтөрүлүшү, экономикалык өсүштүн басаңдашы менен айгине болууда. Маселен, быйылкы жылы Ички дүң продукты 8% өсөт деп пландалса, алгачкы үч айда ал болгону 6% гана жеткен. Инфляция үч айдын ичинде 6% жетип барган.

Бул маселелерди чечүүдөн сырткары өкмөттү калк ичинде популярдуу болбогон энергетика тармагын менчиктештирүү, электр энергиясына тарифтерди көтөрүү өңдүү кадамдарга баруу күтүп турат.



2-апрелде премьер-министрликке дайындалганына 100 күн болгон Игорь Чудинов электр энергиясына тарифтерди көтөрүү боюнча беш жылдык программа иштелип жатканын жана быйыл электр энергиясына баа 12% көтөрүлөөрүн билдирген:

-Биз электр энергиясы жана жылуулукка баалардын өзгөрүшү боюнча беш жылдык прогарамманы өкмөттүн кароосуна койгону жатабыз. Биздин энергетикалык тармак кандай абалда экенин кыш мезгилинде бардыгыңыздар көрдүңүздөр. Ал азыркы кезде тышкы инвестордун салымысыз жана тарифтерди көтөрүүсүз жыла албайт. Баалар акырындап көтөрүлөт. Быйылкы жылы электр энергиясына 12%, жылуулукка 20% баа көтөрүлөт.

Чудиновдун айтымында, Кыргызстандын энергетика тармагын менчиктештирүү зарылдыгы финансылык оор абалга байланыштуу келип чыгууда. Маселен, быйылкы жылы эле Бишкек ТЭЦин ремонттоо үчүн 1 миллиард 700 миллион сом керек. Андан сырткары энерго жабдуулар эскирип, алар жаңыланууну талап кылууда. Бул иштерди аткарууга өкмөттө каражат жок. Ошондуктан менчиктештирүү жана бааларды көтөрүү жолу калууда.

Ошондуктан өкмөт жакын арада “Түндүкэлектрону”, Бишкек ТЭЦин жана “Бишкекжылуулуктармагын” менчиктештирүүгө аракеттенүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетовдун айтымында, бул обьектерди менчиктештирүүгө мурунку парламент өткөн жылы июнь айында уруксатын берген:

-“Түндүкэлектро” жана “Бишкекжылуулуктармагы” боюнча өткөн жылы июнь айында Жогорку Кеңеш чечим кабыл алган. Ошонун ичинде ТЭЦти менчиктештирүүгө да уруксат берилген. Менчиктештирүү программасы кабыл алынган. Ошондуктан биз азыр бул ишканаларды баалоо боюнча конкурсту аяктоо алдында турабыз. Конкурска катышкан тогуз фирманын бирөөсүн тандап алабыз, алар баалоо ишин жүргүзөт. Андан кийин өкмөт инвестициялык шарттарды иштеп чыгып, ал парламентте бекитилет. Мына ошондон кийин тендер жарыяланат.

“Түндүкэлектро”, Бишкек ТЭЦи жана “Бишкекжылуулуктармактар” ишканаларын менчиктештирүүгө мурунку парламент тарабынан жол ачылганына карабай, өкмөт азыркы парламентти энергетика тармагын менчиктештирүүдөн такыр четтеттип салууга аракеттенүүдө. Бул үчүн парламентке “Энергетика жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды.

1996-жылы кабыл алынган “Энергетика” жөнүндөгү мыйзамдын 5 беренесинде өлкөнүн отун-энергетика тармагын менчиктештирүү Жогорку Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт деп жазылган. Ушул эле мыйзамдын 13 беренесинде Улуттук энергетикалык программаны өкмөт иштеп чыгат, парламент жактырат, ал эми президент бекитет деп белгиленген.

Өкмөт учурда бул мыйзамды өзгөртүп, менчиктештирүүнү парламенттин макулдугусуз, энергетикалык программаны болсо президент аркылуу гана бекитилишин жактоодо.



Талдоочулардын пикиринде, парламентти энергетика тармагын менчиктештирүүдөн четтетүү эки себепке байланыштуу жасалып жатат. Анын биринчиси, энергетика тармагын менчиктештирүүдөн келген залакадан “Ак жол” партиясын таза кармоо аракети болушу ыктымал. Анткени энергетика тармагын менчикке берүү эл ичинде терс кабыл алынаары белгилүү.

Экинчи себеп, “Ак жол” партиясынын ичинен да депутаттар энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы чыгып, мурунку парламенттегидей чырдын пайда болуш ыктымалдыгы. Маалым болгондой Жогорку Кеңеште депутаттардын көпчүлүктү түзгөн президенттик “Ак жол” партиясынын бир катар депутаттары өкмөттүн айрым кадамдарына кескин сынга алууда. Бул Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга берүү маселесин талкууда өзгөчө айкын байкалды.

Ал эми төрт пансионат эмес, жүз миңдеген адамдардын турмушуна, мамлекеттин энергетикалык коопсуздугуна таасир эте турган чечимдерди кабыл алышта “Ак жол” партиясынын айрым депутаттары ар кандай кадамдарга барып кетиши ыктымал.

Ал эми өкмөткө жек-жаат болбогон Коммунистик фракция энергетика тармагын менчиктештирүүгө кескин каршы чыгып, өздөрүнүн бүтүмүн жарыялап койгон. Социал-демократтар фракциясы да өкмөттүн бул багыттагы кадамдарын кескин сынга алып келатканы белгилүү.

Парламенттеги мына ушундай маанайга байланыштуу өкмөт “Энергетика жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизип, менчиктештирүүнү жеке өзүнүн колуна алгысы келип жаткандай.



Өкмөт энергетикага байланыштуу дагы бир олуттуу мыйзам долбоорун парламентке жолдоду. Анда 2002-жылы кабыл алынган “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамды жокко чыгаруу сунушталган. Бул мыйзамды иштеп чыккан мурунку парламенттин мүчөсү Тайырбек Сарпашев муну менен бийлик ГЭСтерди менчиктештирүүгө жол ачууда деп шекшийт:

-Бул мыйзам кабыл алынса жалаң эле бөлүштүргүч компаниялар эмес, курулуп калган Токтогул ГЭСине окшош чон-чоң ГЭСтерди менчиктештирүүгө жол ачылат. Бирок өкмөт бүгүнкү күндө айта элек ГЭСтерди сатыш керек деп. Бирок ал мыйзамды жокко чыгаруунун өзү, мени мыйзамдын автору катары кооптондуруп турат. Демек булардын оюнда бөлүштүргүч компаниялар менен эле токтоп калбастан, андан ары өрчүп кетет деген ой кооптонууну пайда кылууда.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкибеков өкмөт ГЭСтерди сатууга барбайт деп, бирок андай болсо эмне үчүн “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамды жокко чыгарууга аракет жасалууда деген “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна ачык жооп берген жок. Бирок министр бул мыйзамды жокко чыгаруу менен катар Кыргызстандагы стратегиялык ишканалар жөнүндө мыйзам иштелип чыгып жатканын билдирди:

-“Стратегиялык обьектер жөнүндөгү” мыйзам парламентте кабыл алынса гана “Токтогул каскдындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзам жокко чыгарылат. Эгерде кандайдыр бир себептер менен “Стратегиялык обьектер жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынбай калса, анда экинчи маселе сөзсүз каралбайт.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер байлыктары боюнча комитетинин төрагасы Юрий Данилов өкмөт сунуштап жаткан энергетикага байланыштуу мыйзам долбоорлор жакын арада комитет жыйынында каралаарын билдирип, бирок коюлуп жаткан маселелер өтө татаал экенин белгиледи:

-Бул мыйзам долбоорлордо бир жагынан чарбалык иштерди өкмөт толук өзүнүн колуна алгысы келип жатканы туурадыр. Бирок бул өтө татаал маселе. Аны биз жүз ирет калчап, изилдеп көрөбүз. Мыйзам долбоорлорду биз комитетте карай элекпиз. Аны келерки жумада шейшемби күндө кароого койгонбуз. Бирок комитеттин бир топ мүчөлөрү Америкага бараткандыктан кечирээк мөөнөткө которот окшойбуз. Бул өтө оор жана татаал маселе.



Кандай болгон күндө да өкмөт “Түндүкэлектро”, Бишкек ТЭЦ жана “Бишкекжылуулуктармактар” ишканаларын жакын арада менчиктештирүүгө барат. Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет бул ишканалардын баасын аныкто боюнча тендер өткөрүүдө. Мүлк фондунун төрагасы Турсун Турдумамбетовдун айтымында, баалоо боюнча тендерге тогуз компания катышууга ниетин билдирди. Алардын ичинен бирөөсү тандалып алынат.

Баалоо иши соңуна чыккандан кийин ишканаларды менчиктештирүү боюнча тендер өткөрүлөт. Азыр ага катышууга төрт компания кызыгып жатканын, бирок алардын атын азырынча атай албасын өкмөт башчы Игорь Чудинов 2-апрелде 100 күндүк юбилейинде билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG