Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

ПУТИН МЕНЕН БУШ ПРЕЗИДЕНТ КАТАРЫ АКЫРКЫ ЖОЛУ СҮЙЛӨШӨТ


Муса Мураталиев, Москва Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш менен Орусиянын президенти --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/45EEB136-450E-44C4-B96B-217A286A98EE.asp Владимир Путин кызматтарынын мөөнөттөрү аяктап аткандыктан, мамлекет башчы катары акыркы жолу жолугушат. Алар бийликте турган кийинки жети жыл ичи алакалардын оор кездерин баштарынан өткөрүштү. Ошого карабай эки лидер мамилелерин жылуу бойдон сактап кала алышкан. Жекшемби күнү кара деңиз жээгиндеги курорт шаар Сочиде эки жетекчинин жолугушары күтүлүүдө.

Үстүдөгү жылдын май айында Орусиянын президенти Владимир Путин, ал эми ноябрь айында Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш мыйзам укук берген мөөнөттөрү аяктаганга байланыштуу кызматтарынан кетишет. Ошого карабай жетекчилердин өткөрүп аткан ырасмий олтурумуна байкоочулар чөйрөсү айрыкча кулак түрүшүүдө.

АКШнын лидери 2001-жылы 16-июнда кесиптеши Владимир Путин туурасында айткан мүнөздөмөсүн көптөр эмдигиче кайталашат. Анда Жорж Буш:

-Мен аны менен жолукканда анын көзүнө тигиле карап, ич дүйнөсүн аңдап билдим, ошондон соң аны менен алака түзсө болот экен деген жыйынтыкка келдим, - деген.

Кийинки жети жыл ичи орус лидери оппозицияны ийинине кийирип тынды. Бийликти ылдыйтан өйдөнү карай бир өзүнүн көзүн каратма кылып алды. Кошуна өлкөлөргө кыр көргөзүп, батыштык мамлекеттерге көгүлтүр отун берип-бербей, кара май баасын көкөлөтүү жолу менен кысым көргөзөрүн байкоочулар айтып келет. Алар өлкөдөгү демократиялык жаңыланууну сүрүп таштап, эркиндик үчүн умтулгандардын жолун тороп, маалымат каражаттардын арбын тобун Кремлдинк бийлик көзүн каратма кылганын белгилешет.

Кезегинде КГБдан тарбия алган Путин үчүн темирдей тартип орнотуу жолуна түшкөнү, аны четте да ичте да, куду советтик кездегидей «кансыз согуш» ачты деп айта башташты. Анын тышкы саясатында Ирандын өзөктүк программасына ылым саноо, Косовонун эркиндикке чыгышына каршы чыгуу сыяктуу талашы дүйнөлүк коомчулук эсинде калды. Ошого карабай америкалык тарап менен мамилесинин жылуу экенин Владимир Путин былтыр 26-октябрде айткан:

-Менин ишиме президент Буш менен болгон жеке мамилем көмөк көргөзүүдө. Мен аны өзүмдүн досум деп айтууга толук укугум бар.

6-апрелде Сочи калаада деле Европага калканч болор америкалык ракеталык чабуулдан коргонуу системасын куруу планы кепке алынат дешет.

Американын Польша жана Чех жумурият жерлеринде ракетадан коргонуу системасын курууга Орусия коопсуздугубузга коркунуч келет деп каршы чыгууда. Вашингтон болсо андай калканч баарыдан мурда Ирандын ракеталарына каршы курулуп атат дейт.

Адистердин баамында, Сочидеги жолугушуу мамлекеттер арасында алаканы далай убакка дейре суутат, же өнөктөштүккө карай жаңы жол ачат. Маселен, “Карнеги” борборунун байкоочусу Алексей Малашенко буларды айтат:

-Владимир Путин менен Жорж Буштун Сочидеги жолугушуусунда буга дейре болуп келаткан тирешүү саал бошоңдойт. Эмне дегенде Дмитрий Медведевдин түшкөн жолу башка болот.

АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Жек Метлок:

-Бул жерде «кансыз согуштун» жаңы түрү эмес эле суверендүү, айыркча кубаттуу мамлекеттердин кез-кези болуп туруучу жөөлөшүүсү болуп атат.

XS
SM
MD
LG