Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

“ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ”: ӨЗҮ ӨЛСӨ ДА, ЫРЛАРЫ ӨЧПӨЙТ


“Талант тагдыры” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы аз жашаса да кыргыздын элдик салттуу ыр жанрын байытууга бараандуу салымын кошкон обончу, көптөгөн республикалык сынактардын ээси Маданбек Алмакуновдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына, чыгармачылык тагдырына арналды. Белгилүү шайырдын жаркын элесине арналган берүүнү кабарчыбыз Балбай Алагушов даярдады.

1975-жыл. Таланты ташкындап, болгондо да накка элеттик кыргыздардын канынан, жанынан жаралган канаттуу ырлары менен даңкталып, ата-журтунан барк алып, чыгармачылыгы гүлдөп турган 38 жаш курагында белгилүү обончу-ырчы Маданбек Алмакунов күтүлбөгөн жерден жол кырсыгынан каза табат. Ошентип, өзүнүн ыр сүйүүчүлөрүнүн кабыргаларын кайыштырган кайгыга батырат. Ал жылт эткен 38 жаштын аралыгында кутмандуу элине кандай көөнөрбөс мурастарды калтырып кетти? Эмнелерге жетишти?

Төрөлгөндөн ыр менен оозанып, ыр менен өскөн маркум Маданбек айылдык мектепти бүтөөрү менен азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык аваздык жана шыгыр (хор) студиясынан окуйт. Аны бүтөөрү менен армиялык милдетти өтөөгө аттанат. Ал жоокердик милдетти өткөрүү менен бирге Горький шаарындагы музыкалык орто окуу жайынын баян классында окуйт. Бир эле көркөм чыгармачылыгына жандуу катышат. Кыргыз ырларын баяндын коштоосунда созолонтот. Армиядан келери менен Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын композиция классын бүтүрөт.

1961-жылдан тартып обон чыгара баштайт. Алмакунов өзү теңдүү кесиптештеринен айырмаланып, бүтүндөй чыгармачылыгын айыл турмушуна, элеттик улан-кыздардын күжүрмөн эмгегине, тунук махабатына арнайт. Бир эле мезгилде жогорку билимге ээ болгон теңтуштарын “келчи курбум, окууң бүтүп айылга, таалай жолун таба билсек айылда” – деп чакырат. Ошондой жалындаган чакырык менен шөкөттөлгөн жана өз кезегинде айыл жаштарынын, белгилүү ырчылардын ооздорунан түшүртпөй ырдашкан ырынын бири мукам обондуу “Келчи сен да айылга” аттуу ыры эле.

“Келчи сен да айылга”

Сөзү Нинакан Жүндүбаеваныкы.
Обону М.Алмакуновдуку

Бүтүп окуум кетип барам жайында,
Көп жаңылык күтөт бизди айылда.
Пейил күтпөй кол кармашып иштейли,
Келчи, сен да келеркиде айылга.

Адырдагы жыпар гүлдөр жайкалып,
Көк ирим суу, көлдөр күтөт чайпалып.
Обон салып ошол жерде бир жүрсөк
Жайы, кышы колхоз малын кайтарып.

Тентек сууну тегерете байласак,
Тектирлерге ыкшап эгин айдасак
Жалбырактуу жашыл чынар теректин
Бутагында булбул болуп сайрасак.

Көк арчадай сабагынан күбүлбөй,
Өмүр гүлдөйт кырдын кызыл гүлүндөй
Келчи курбум, окууң бүтүп айылга
Таалай жолун таба билсек айылда.


1965-жылдан көзү өткөнгө чейин жакшы билген эл артисти Тентимиш Мураталиев:

- Мен маркум Маданбек байкени 1965-жылы Муратаалы Күрөңкөев атындагы окуу жайына өткөнү келгенден көзү өткөнгө чейин билип калдым. Окууга келгенде атамдын иниси Бекташ шаарга биринчи баратасың – деп калаага алып келгенде Маданбек байкенин үйүнө алып барып тааныштырган эле. Ошондо мени сынап көрүшүп, Маданбек байке “музыкалык угум, ритм деген болот. Мына буларды билип ал , аспапта минтип ойнойсуң”, - деп айтып берген эле. Ошол убакта калктын канына сиңип калган элдик ыр катары ырдалып жүргөн ырлардын автору болуп атагы чыгып калган убагы эле. Айрыкча агайдын “Айыл кечи”, “Келчи сен да айылга”, “Грейдерчи жигитке” деген обондору элдин оозунан түшпөй ырдалуучу.

“Айыл кечи”

Сөзү Э.Курмановдуку, обону М.Алмакуновдуку

Чайыттай кирсиз эч жери,
Сагынган адам эстери
Көңүлдөн кетпейт чиркин ай,
Айылдын салкын кечтери.

-Тентимиш мырза сөз тизгини кайрадан өзүңүздө:

-Маданбек агай 1975-жылы Чаек айылында чоң жол кырсыгына учурап каза тапты. Кырк жашка чыга элек болсо да тунук обондуу ырлары менен аттын кашкасындай таанымал болуп калган эле. Агай жапалдаш бойлуу, чачын артына тараган, жаркылдап күлгөн, көбүрүп-жабырып жүргөн, абдан тамашакөй жайдары адам эле. Түгөнгөн ачкылды кимдер ичпейт. Ал байкушту ичкенде аккордиондун коштоосунда мактанып ырдап да жиберчү эле.

- Тентимиш мырза, жакшы эскерүүңө ырахмат,.

Маркум Маданбек аккордионду тартуу, обон чыгаруу, ырдоо менен бирге ыр да жаза койчу экен. Көптөгөн угуучулар Маданбектин акындык шыгын да билишчү эмес.

Маданбек “Мен Теңиртоонун койнуна төрөлдүм, өстүм. Мен үчүн айыл турмушу ырдалып бүтпөйт” деп, айылдагы ар кандай турмушту, көрүнүштү даңктоодон талбаган. Алсак, автордун мыкты ырларынын катарына кирген “Грейдерчи жигитке” аттуу ырында мүнөткө токтобой тоо бузуп, каршы-терши таш жиреп, кум шилеген айылдык грейдерчи жигиттин эмгегин мындайча жар салган эле.

“Грейдерчи жигитке”

Сөзү Н.Жүндүбаеваныкы. Обону М.Алмакуновдуку

Жол көрдүм тоолор ашып мелтиреген,
Эр көрдүм каршы-терши таш жиреген,
Кериле грейдерге минип алып,
Тоо бузуп, жол бетине кум шилеген.
Милдети бар түшүнгөн,
Жолоочу үчүн күтүнгөн,
Грейдерчи турбайбы жолго кооздук түшүргөн.

Кой жайып жолду жээктей мен да өтөм,
Кездешем жигит менен нечен-нечен,
Түшпөстөн грейдерден күлүп коет,
Анда мен не дээримди билбей кетем.

Таппай айла үмүткө
Көөнүм жибийт жигитке
Грейдерчи курбалдаш токтосоңчу мүнөткө.


Алмакуновдун ар кыл маңыздагы ырлары комуздун, баяндын, аккордеондун, ансамблдердин, эл аспаптар, симфониялык оркестрдин коштоосунда белгилүү ырчылардын жеке аткаруусу менен бирге чакан аваздык, аспаптык топтордо шыгыр түрүндө да ырдалып жаңы өмүрлөргө ээ болууда.

Алсак, таанымал шайыр Чалагыз Исабаев Алмакуновдун “Айыл кечи” аттуу айтылуу ырын курамы он беш комузчу-аткаруучудан турган Кыргыз филармониясынын Атай Огомбаев атындагы комузчулар ансамбли үчүн жазган “Достук кечеси” аттуу чакан сюитасына негизги данек кылып алган.

Ал орус эл ыры “Ой, калина, калина” кавказдыктардын калк бийи менен камыр-жумур жуурулушуп, не бир кереметтүү өзүнчө бир тарыхый чыгармага айланган.
XS
SM
MD
LG