Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

17:03 Нарын облусунун губернатору өкмөттү сынга алды


Бүгүн Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү. Анда Кыргыз Республикасынын президентинин өткөн жылдагы 27-ноябрдагы 2008-жылы жазгы талаачылык жумуштары жөнүндөгү жарлыгы учурда аткарылбай жаткандыгы белгиленди. Теңиртоо аймагында быйыл жалпысы 48 миң 200 гектар жер айдоо күтүлүп, өнөктүк башталды. Бул күнгө карата тракторлор 78, айыл чарба шаймандары орточо алганда 74 пайыз оңдолгон. Дан эгиндин үрөнү 82 пайызга топтолгон. Бирок мамлекеттин колдоо иретинде берилүүчү 160 метр куб. күйүүчү майдын жана үрөн, жер семирткич менен камсыздоонун кечеңдеши айдап-себүүгө терс таасирин тийгизип жатат деп айтылды коллегия жыйынында. "Президенттин жарлыктарын аткарбагандар министрлер жана агенттиктер, ошолор начар иштешти, атүгүл алар мыйзамдуу акчаны сурашат", - деп билдирди коллегия жыйынында губернатор Өмүрбек Субаналиев. (KUs)

XS
SM
MD
LG