Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:23

17:45 Ош облусунда айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү облустук бийликке кайрылышууда


Ош облусунда айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мектеп окуучулардын тамагына берилчү каражатты көбөйтүү сунушу менен облустук бийликке кайрылышууда. Бул жөнүндө Чоңалай районунун акиминин орун басары Азизбек Ашыралиев «Азаттыкка» маалымдап, шашке тамак үчүн каражатты 10 сомго дейре көтөрүүнү өтүнүп Ош облустук мамлекеттик акимчилигине кайрылышканын, чындап эле бул меселе өкмөт деңгээлинде чечилбесе, жакшы саамалык бир күнү үзгүлтүккө учурай тургандыгын билдирди. Жергиликтүү серепчи Улукбек Максыталиев «шашке тамак жөн эле популизм экендиги эми билинди. Болбосо, азыр 20 сомго да балдар тоюшу кыйын. Ушинтип элди алдабай, мамлекет оңолгуча, мындай оокатты жоюп таштаган оң» , - деп эсептейт. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG