Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

18:38 Аксы районунда ири каналдардын курулушу башталды


Райондун Көкдөбө айыл өкмөтү суу жагынан Өзбекстанга көз каранды, Кербен жана Жергетал айыл өкмөттөрүнүн эгин талааларында да суу таңкыс. Айылдардын суу муктаждыгын чечүү үчүн Иринжит каналынын курулуш башталып, анын берки иштерине өкмөттөн 700 млн. сом каражат бөлүндү. Курулушту Чүйдөгү механизациялаштырылган көчмө отряд жүргүзүүдө. Актерек каналын долбоорлоо үчүн министрликтен 10-15 млн. сом каражат бөлүнө турган болду. Эки канал ишке кирсе 10 миң гектардан ашык жер өздөштүрүлөт. 15 жыл бою аталган каналдарды куруу жөнүндө куру сөз жүрүп келген. Мындай маалымат 5-апрелде райондун акими Аскарбек Алиевден алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG