Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

АКШнын президенти бүгүн Хорватиянын НАТОго чакырылышына жогору баа берди. Бүгүн аны Загребдин борбордук аянтында миңдеген тургундар жылуу тосуп алышты. “Хорватиянын НАТОго --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/A1EE133B-7E89-42C4-8069-011D7AF11BC3.asp кирүүгө чакыруу алышы тарыхый окуя болуп калды. "НАТОго куш келипсиңер" деген сөздөргө силер да мендей эле сыймыктанып жатсаңар керек”, - деди АКШ президенти Жорж Буш.

Буш Загребге Бухарестте өткөн НАТО самитинен кийин келди. Самитте НАТО Хорватиядан тышкары Албанияга НАТОго кошулууну сунуш этти. Буш Македониянын бул жумурияттын аталышы боюнча Греция менен талашка байланыштуу чакыруу албай калышына өкүнүчүн билдирди.

Өз кайрылуусунда Буш хорват өкмөтүнүн ишин да баалап сөз сүйлөдү:

-Силердин өкмөтүңөр ачык, түз иш алып барат, анын транспаренттүүлүгү чет элдик капиталды тартууга оогажы. Капитал тартууга өлкөнүн жогорку билимдүү жана эмгекчил эли да көмөк болуп жатат.

АКШнын президенти ошондой эле Сербияда турмуш оңолуп, эркиндиктер бекемделерине, акыры бул өлкө Европа Биримдигине кошулуп, коңшулары менен ынтымакта жашаарына үмүт билдирди.

Буш Загребден Сочиге аттанууда. Кара деңиз курортунда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзөт.
XS
SM
MD
LG