Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Быйылкы жылы түштүктө пахта жылдагыдан аз айдалары маалым болду. Буга эң биринчиден акбула баасынын --> http://azattyk.kg/rubrics/economics/ky/2008/04/1F691054-49EF-4E34-87DD-1ED4925AC368.asp өтө арзан болуп, дыйкандардын жумшаган мээнети акталбай калып жаткандыгы себеп болууда. “Адам жана базар” экономикалык түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Кыргызстанда буудайдан кийинки эле айдоо аянттарын пахта ээлейт. Быйылкы жылы пахта 36,9 миң гектар жерге айдалмакчы. Бул өткөн жылга салыштырмалуу бир аз көбүрөөк болгону менен мурдагы жылдарга караганда өтө аз. Адистердин айтуусунда, пахта айдоонун азайып кетүүсүнө акбула баасынын төмөндөп кеткени себеп. Алар пахтанын сорттуулугу менен катар эле түшүмдүүлүгү да ылдыйлап кеткендигин белгилешет. Ал эми дыйкандар пахта айдоодо эң негизги: баягы эле үрөн, күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер жана сугат суу маселе болуп жаткандыгын айтышат.

Пахтанын сорттуулугу менен түшүмдүүлүгү да төмөндөдү деген пикирлерге дыйкандар да кошулушат. Союз мезгилиндеги пахтанын үрөнүн жыл сайын жакшыртып, чыгарып туруучу үрөнчүлүк чарбалары биринин артынан бири жок болгон. Ошондуктан, пахтакерлер да башка дыйкандардай эле өздөрү айдаган пахтанын чигитин чыгарып алып, үрөнгө пайдалануудан башка айласы жок. Бул албетте түшүмгө терс таасирин тийгизбей койбойт.

Ушул тапта дыйкандар пахта себилүүчү айдоо аянттарын айдатып, малалатып тегиздеп, эгин эгүүгө даярдап атышат. Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн өкмөт тарабынан бөлүнүп берилген 1600 тонна күйүүчү май түштүктүн айрым жерлерине эчак жеткирилсе да, ал дыйкандардын баарына жетпей, кошумча көйгөй жаратууда.

Баягы эле үрөн, күйүүчү май, техника...

Жалпы Кыргызстан боюнча Жалалабат облусу пахтанын кени деп эсептелет. Жалалабат облусунун көпчүлүк райондорунда пахта айдалат. Облуста пахта эгүү иши жер жылыганда же эмки айда башталат. Ушу тапта пахта өстүрүлүүчү талааларга суу баруучу канал-арыктар тазаланып, жазгы талаа жумуштары эрте башталуучу Кызылжар жана Бүргөндү өрөөндөрүндө жер аянттары тегизделип, өткөн күздө үлгүрбөй калган дыйкандар жерин айдатып жатат.

Кыргыз өкмөтү тарабынан облустун дыйкандарына быйыл 1600 тонна күйүүчү май бөлүндү. Анын литринин баасы 20 сом 50 тыйындан же күйүүчү май саткан жайларга караганда баасы 1-2 сомго арзан. Облус боюнча өткөн жылдагыга караганда 1600 гектар аянтка пахтаны коп эгүү жагы болжолдонгон. Бул тууралуу облустук бийликтин агрардык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жээналиев айтып берди:

-Пахта өстүрүүгө 2042 тонна үрөн керектеле турган болсо, бүгүнкү күнгө анын 100 тоннадайы жетпей турат. Бирок жетишсиз болгон чигитти ишкерлер аркылуу коншу өлкөдөн сатып алуу ишеними бар. Чигит экчү техникалар даяр. Былтыр пахтанын килограммы 20 сомдон 23 сомго дейре сатылган.

Бирок дыйкандардын пикири боюнча кымбатчылык улам күчөгөн сайын пахта өндүрүүгө жасалган мээнет өзүн актабай калууда. Каражаттын тартыштыгынан, жер үлүштүү үйбүлөлөр жер тегиздөөдөн тартып, пахтаны терип, аны сатканга дейре иштерди болочок түшүмдүн эсебинен бирөөдөн алган карыз акчасына иштетишет.

Сузак районундагы Ташбулак айыл өкмөтүнүн тургуну Арстан Жакыповдун үйбүлөсүнө бир жарым гектар жер тийген. Жер иштетүүгө адам күчүнүн жетишсиздиги менен суунун тартыш болуп, үрөн жана күйүүчү май, минералдык жер семирткич, уу химикаттар бааларынын кымбаттыгынан улам анын жери соңку эки жылдан бери иштетилбей келатат:

-Быйыл да пахта экпейбиз. Анткени анын баасы жыл этегине дейре арзан болуп, аны өстүргөнгө кеткен чыгымды актабайт.

Республиканын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер Акыбай Сооронбаев Ноокен районундагы “Кенч” акционердик коомун башкарат. Ал коомуна караган 170 гектар аянттын 20 гектарына гана пахта өстүрүүнү көздөп жатат. Ун-дан азыктары да кымбаттап бараткандыктан чарба элин нан менен камсыз кылуу максатында калган аянттарга буудай өстүрүлөт.

20 гектар аянтка голландиялык-швейцариялык “Биопахта” долбооруна ылайык экологияга зыян келтирбей турган, баасы кымбат пахта өстүрүлөт. Акыбай Сооронбаевдин айтымында, былтыр чарба өстүргөн пахта баасы 30 сомго жеткен. Башка чарбадагылар бир гектар пахтаны өстүрүүгө 16-17 миң сомдон каражат жумшаса, анын коому гектарына 7 миң сомдон гана чыгым кетирген. Бөлөк дыйкандардын пахтадан зыян тарткан себебин Акыбай Сооронбаев өлкөдө агрардык туруктуу саясаттын жоктугунан жана дыйкандардын корголбой калгандыгынан көрөт. Учурда жеке дыйкандар үчүн акча, үрөн, жер семирткич табуу маселеси оор болууда.

Пахта айдоо жагынан Жалалабаттан кийинки орунда Ош облусу турат. Оштун Араван, Карасуу райондорунун дыйкандары учурда пахта айдоого кам уруп жатышат. Быйылкы жылы Ошто 12 миң гектардан ашуун жерге пахта айдалары күтүлүүдө. Кыргыз өкмөтү быйылкы жылы дыйкандарга бардык жагынан жардам берип, жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн күйүүчү май, үрөн, минералдык жер семирткич жагынан көмөктөшүүгө аракет кылууда. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Ахматжан Махамаджановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча пахтакерлерди колдоого да көп аракеттер болуп жатат.

Сапаттуу үрөн болбосо жакшы пахта кайдан...?

Союз мезгилинде Кыргызстан пахтанын эсебинен көп киреше алчу, түштүктөгү пахта айдаган райондордун баары бай болчу, деп белгилеген адис, айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиев пахтанын сорттуулугун жана түшүмдүүлүгүн көтөрүү үчүн үрөнчүлүк чарбаларды колго алууга тийишпиз, дейт:

-Бизде жакшы үрөн бар, бирок баасы кымбат. Аны сатып алууга бардык эле дыйкандардын күчү жете бербейт. Ошондуктан, өкмөт жардам берип, күзгү түшүмдүн эсебиненби же башка жолдор мененби, дыйкандарга сапаттуу үрөн сатып алууга көмөктөшүүсү зарыл. Үрөнчүлүк чарбаны, сорт чыгарууну жана аны багуу, сатуу жагын жолго салмайынча, сөзсүз биздин дыйкандар алдыга жыла албайт.

Албетте ашып барса 100 миң тоннага чукул пахта алган Кыргызстан Кытай, АКШ, Индия жана Өзбекстан сыяктуу ири пахта державаларына тең келише албайт. Ушундан улам дүйнөлүк базардагы акбула баасынын өзгөрүшүнө Кыргызстандын пахтасы да таасирин тийгизе албайт. Ошондуктан жыл өткөн сайын пахта айдоонун азайып баратышы – мыйзам ченемдүү көрүнүш, дешет адистер.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG