24-мартта Грекияда жагылып жолго чыккан шамана Бээжинге 8-август, Олимпиада оюндарынын ачылышына жеткирилет. Ага дейре Олимпиада оту дүйнөнүн беш континентиндеги 20 өлкө аркылуу өтүп, 137 миң чакырым жол басат.
Анын аралыгында Бээжинде боло турган Олимпиада дүйнө коомчулугу арасында кайчы пикирди жаратты. Бир катар укук коргоочу эл аралык уюмдар Кытайда адам укугунун одоно бузулушуна жана кытай бийлигинин коңшу Тибетке ырайымсыз мамилеси үчүн Олимпиада оюндарын бойкоттоого чакырууда.
Сүргүндөгү Тибет өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Тибеттеги калабада 135 киши набыт болгон, 1300дөн ашуун адам камакка алынган.
Сүрөт bbc.co.uk интернет баракчасынан алынды