Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

ТАЛАС: КАРООЛ ЧОКУ ЖАКШЫ КАРАЛЫШЫ КЕРЕК


Маектешкен Уланбек Эсенгелди, Талас Эмне үчүн “Манас” ордо комплексине зыяраттан мурда азыраак каражат түшкөн? Ал эми азыркы учурда төрт эсе көп түшүп жатат. Өткөн жылы “төрт миң тонна алтын бар”, - деп казылган Кароол чокуну --> http://www.azattyk.org/rubrics/science/ky/2007/07/81608b8b-9aef-40f7-b938-66e1377ad25b.asp калыбына кимдер келтириш керек? Ушул жана башка суроолорго Улуттук “Манас” ордо комплексинин жетекчиси Ормош Чоюнбаев кабарчыбыз Уланбек Эсегелди уулу менен болгон маегинде жооп берген.

-Ормош мырза, мына Кароол чоку жакында эле казылып, ал чоң чатакка айланып токтотулду эле. Азыркы тапта Кароол чокуну кайра казышат экен деген имиштер калк арасында айтылууда. Ошол чынбы?

- Былтыр казылып бүтүп калганда мурунку премьер-министр Алмаз Атамбаевдин буйругу менен токтотулган. Андан кийинки имиштер жөнүндө мен билбейт экенмин.

-Эми казылган жер казылган бойдон турат. Муну кайра калыбына келтирүү милдети кимге жүктөлгөн?

- Казылып эч нерсе чыкпай калса муну кайра толуктоо ошол казууну уюштурган компанияга жүктөлгөн. Бирок алар али күнгө чейин бар же жок экенин тактап бир жагына чыга элек. Эгер “жок” деген сөз чыга турган болсо, биз аны кайсы убакта болсо да өз ордуна келтирүүгө даярбыз.

- “Манас” ордодо зыярат маселеси кандай болуп жатат?

- Мындан 2-3 жыл мурда мурдагы бийликтин убагында муну атайын мамлекеттик катчынын эки көзөмөлүндө болуп, бүт Кыргызстан келип атайын зыярат кылып кетип, бир топ эле ортого акчалар түшүп турчу. Өзүбүздүн финансы иштерибиз так жол болгондугубуз үчүн жалаң эле атайын каражаттап келгенбиз. Атайын каражат мындан мисалы, 2004-жылы 320 миңдин тегерегинде түшүп турган болсо, өткөн жылы атайын каражатты 1 миллион 200 миңден, башкача айтканда, төрт эсеге көтөрө алдык.

-Эмне үчүн мурдагы түшкөн каражат менен азыркы түшкөн каражатта мындай чоң айырма болууда?

- Так жана таза эсеп жүргүздүк. Ошонун деңгээлинде ушунчага жеттик болуш керек.

-Демек, мурда эсеп-кысап анча жакшы так болбой келгенби?

- Эми мен аны айта албайм.

-Акыркы учурда “Манас” ордо комплексинде жасалган иштер тууралуу кыскача кеп кылып кетсеңиз?

- Кийинки жылдары “Манас” эпосунун музейинде башталып жаткан экспозиция иштери боюнча жумуштардын баарын аяктадык. Талаачы Исамадыровдун жетекчилигинде дубалдагы тартылган сүрөттөрдүн баардыгы тең жаңыланды. Андан сырткары эпостогу эпизоддор боюнча бир топ стенддер жаңыртылып, кошумча залкар манасчы Саякбай Каралаевдин восковой фигурасын орноттук.

-Бир учурда “Кеңкоол” өрөөнүнө ат менен туристтерди эс алдыруу маселеси козголду эле. Ал иш жүзүнө аштыбы?

- Бул эми айтылган боюнча калып калды. Муну дагы такташ керек. Аны такташ үчүн дагы акча каражаты керек болот экен. Биздин өзүбүздүн чамабыз чакталуу болуп турат.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG