Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Байыркы замандан калган кыргыздын улуттук оюндары --> http://azattyk.kg/rubrics/sport/ky/2008/03/FE74A24C-D305-4AA6-AFDD-5DD6EB5556C9.asp адамдан тунук сезимди, тапкычтыкты, жөндөмдүүлүктү, шамдагайлыкты талап кылып, кыраакылыкты арттырган. Мындай бабалар мурасын муундан муунга өткөрүү маселеси учурда унутта калып келатат .

Кыргыздын бабалардан муундан муунга мурас катары өтүп келаткан миңден ашуун элдик оюндары бар. Аларды өзгөчөлүктөрүнө жана түрүнө карата акыл оюндары, ат оюндары, чүкө оюндары, бөлмөдө ойнолуучу оюндар, балдар оюндары, кыймылдуу оюндар, кыз- келиндер үчүн оюндар жана башка деп бир нече топко бөлсө жарашат.

Кыргыз элинин саналуу гана оюндары спорттун түрү катары кабыл алынганы менен калган оюндарды жаштар билбей унутулуп баратат. Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин миңге чукул жылдык спорттук иш-чарасынан улуттук спорт түрлөрүнөн 25 мелдеш гана белгиленген. Алар кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, көкбөрү жана ат чабыш боюнча гана мөрөй талашуулар болуп, калган улуттук оюндар майрам күндөрү гана эске алынышы мүмкүн.

Тыйын эңмей, кыз куумай, жамбы атмай, оодарыш, жорго салдырыш, кунан чабыш, качма топ, жоолук таштамай, канталамай жана башка элдик оюндарды жайылтууга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келатканын адистер айтып жүрүшөт. Ал түгүл улуттук оюндарды үйрөтүүчү адистер да жокко эсе.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын улуттук спорт түрлөрү факультетинин деканы, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Муратбек Кийизбаев беш жыл мурда кабыл алынган улуттук спорт түрлөрү боюнча мыйзам иштебей, анын механизми жоктугун белгилеп, элдик оюндарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келатканына кейиди.



Улуттук оюндарга аш-тойлордо гана көңүл бурулуп, спорттун улуттук түрлөрү боюнча мектеп жоктугун айтуу менен, жок дегенде мектептерге бир сабак катары киргизүүнүн демилгечиси элдик оюндардын күйөрманы, сүрөтчү Алмаз Кудайбергенов да билдирди:

-Мектептерде ордо боюнча биринчиликтер өткөрүлүп турчу. 3-4 жылдан бери окуучулар үчүн мелдештер болбой калды. Бишкекте да үстү жабык ордо аянты алигиче курула элек. Бул демилгени колдоп, улуттук спорт түрлөрү боюнча атайын адистешкен спорт мектебин ачуу - мезгил талабы. Улуттук оюндарды мектеп программасына да киргизүү керек. Себеби элдик оюндарды бала кезден үйрөнбөсө, аны кийин үйрөнүү, ойноо кыйынга турат.

Кыргыз күрөшүн Алатоо аймагына кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүктөр болбой, демилгелер колдоого алынбай келатканын өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Марсел Мураталиев да айтып жүрөт:

-Биз да кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлге жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Бул күрөш Талас, Ош, Жалалабат облустарында жакшы өнүгүп жатат. Нарын, Ысыккөл жана Чүй аймактарында бул демилге колго алынбай келүүдө.

Кыргызды эл катары тааныткан улуттук оюндары экенин өлкөгө белгилүү каскадер, ат оюндарынын чебери, панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев да белгилеп, жапондорду каратэ менен дзю-до, корейлерди таэквондо, кытайларды ушу, тайци, кун-фу чыгыш өнөрлөрү дүйнөгө тааныткандай кыргыздарды ат оюндары белгилүү кылат деген пикирин айтты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG