Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

08:16 Бүгүн “Дефакто” жана “Алиби” гезиттерине каршы сот иши уланат


Биринчи май райондук соту маркум Акбар Молдокуловдун өлүмүнө себепкер автокырсык тууралуу аталган эки гезит жарыялаган макаланы бир айдан ашык убакыттан бери териштирип жатат. Макалада кырсыкка президенттин жакын тууганы Асылбек Салиевдин тиешеси бар экендиги тууралуу маалымдалган. Адамдык абийириме доо кетирди деп санаган Асылбек Салиев моралдык чыгым үчүн гезиттерге 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин доо коюп жатат. “Алиби” гезинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков бүгүн “Азаттыкка” сотто доогерге жан тартуу байкалууда деп билдирди. Жээнбековдун айтымында бүгүн сот аякташы мүмкүн. (BuS)

XS
SM
MD
LG