Бул тууралуу Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин алдындагы парламентаризм борборунун башчысы Кубан Абдымен “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз-казак чегарасына байланыштуу талаш жерлерди ратификациялоо жана башка көптөгөн маселелерди парламентте кароо жүз күн өткөндөн кийин чечиле турган мезгилге келип атат. “Ошондуктан парламенттин аткара турган негизги иштери келечекте”,- дейт Кубан Абдымен. (AJ)