Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Совет мезгилинен бери Казакстан менен Кыргызстан ортосунда чечилбей келе жаткан төрт пансионаттын тагдыры өтүп бараткан аптада кайрадан талашка түштү. Коомдук-саясий чөйрөдө бул маселе ачык да, жабык да талкууга алынды.

Дароо маалымдап койчу жагдай, Ысыккөл аймагында Казакстан совет мезгилинен бери иштетип келаткан төрт пансионат бар. Тагыраак айтканда, “Самал” эс алуу үйү, “Казакстан” санаторийи, “Университет” спорт эс алуу жайы Ысыккөл районунун Бостери айылынын, “Олимп” ден соолук сактоо борбору Корумду айылынын аймагында жайгашып турат. Совет ыдыраганда башталган эс алуу жайларынын талашы ушу күнгө чейин эки өлкөнүн талылуу маселеси бойдон калууда. Анткени Кыргызстандын жеринде курулуп, казактарга таандык саналып келаткан имараттардын чыныгы ээси ким деген маселе талаштын башкы өзөгүн түзөт. Пансионаттар боюнча тараптар 2001-жылы кол коюшуп, аны казак парламенти 2002-жылы ратификациялаган.

Имараттарды ким тарабынан курулбасын Кыргызстандын менчигине алышы керек деп санаган кыргыз парламенти ошондон бери буга макулдук бербей келе жатат. Эми президент Курманбек Бакиевдин Казакстанга расмий сапарга барар алдында 2001-жылкы келишимди парламентте ратификациялоо маселеси кайрадан калкып чыкты. Президенттин ишениминде аталган келишимди ратиификациялап берүүдөн кыргыз тарап утпаса, уттурбайт. Анткени эс алуу жайлары биротоло берилген жери жок, болгону 49 жылга ижарага берилип жатат. Ушинтип билдирген президент Курманбек Бакиев апта башында өткөргөн өкмөттүк жыйында бул маселе айрым саясатчылар тарабынан атайылап көбүртүп-жабыртылып жатат деп ачууланды:

- Мындан кимге жаман, айткылачы? Казактар пансионаттарды Казакстанга көтөрүп кетеби? Бүгүн жумушсуз отургандар ал жерде жылы бою иштешет. Экономикалык пайда көрүнүп эле турбайбы?

Ириде пансионаттын Казакстанга берилишине каршы саясатчылар маселе президент айткандан алда канча татаал, терең экендигин айтып, мындайга жол берүүгө болбойт деп коңгуроо кагышууда. Алардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак Жол” партиясынын мүчөсү Жангороз Каниметов күрөөгө берерден мурда аталган пансионаттарды Кыргызстандын менчигине алуу керек дейт:

- 49 жылга арендага берүүгө эч кимдин каршылыгы жок. Бирок биз көп документтерди изилдеп көрдүк. Мына Жогорку Кеңештин үч жолку токтому бар. Анда төрт пансионатты, андан башкаларды, Өзбекстандыкы дагы менчикке алынсын деген. Ушуга чейин менчикке алынбай калган.

Ошол эле мезгиле төрт пансионат Казакстандын каражатына курулду деп эсептеген казак тарап жерди 49 жылга алуу менен бирге анын үстүндөгү обьектилерди менчикке алуу маселесин тынбай коюп келатат. Былтыр жазында Кыргызстанга келген казак президенти Нурсултан Назарбаев да төрт пансионатка байланышкан маселенин чечилишине кызыкдар экенин кыйыткан.

Имараттарды Казакстандын менчигине берип коюу мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келет деп эсептеген саясатчылар президент Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик ишмерлерди маселеге астейдил кароого чакырууда. Мындай сунушун парламенттеги социал-демократтар фракциясы да берди. Анын башчысы Бакыт Бешимов мындай дейт:

- Менимче, өкмөт адамдары президентке так маалымат берген эмес окшойт. Анткени, ошол жерди күрөөгө берүү биздин “Жер кодекси” менен каралат. Бирок, ошол жердин үстүндөгү имараттар акысыз түбөлүк менчикке берилип атат Казакстанга. Ушуну тактоо керек. Үчүнчүдөн, акысыз менчикке түбөлүккө өткөндөн кийин каалаганча пайдаланса болот: башка бирөөнө сатып ийсе болот же турган нерсени бузуп, башка нерсени курса болот. Андан да кызык нерсе: буга чейин келишимде бир топ бузуулар болгон. Ошону жасаган кишилерди жоопкерчиликке тартуу керек.

Депутат Жангороз Каниметовдун баамында, бир өлкөнүн ичинде экинчи бир өлкөнүн менчигине ээлик кылышы дүйнө тажрыйбасында терс бааланып келатат:

- Имараттарды Казакстан курган деп айтып атышпайбы. Андай эмес. Маселен, Кисловодскиде “Аврора” сыяктуу “Өзбекстан” деген чоң пансионат бар. Аркы Есентукиде “Казакстан” деген чоң пансионат бар. Булардын баарын Россия алып койду сүйлөшпөй эле. Бүт Союз салган Байкоңур да Казакстандын аймагында калды. Бизде да ошо сыяктуу эле (баягы Акаевдин убагындагы чоң катачылык ушунда болгон да) ошонун баарын: жерин, имаратын – баарын мамлекетке өткөрүп алыш керек. Алып туруп анан күрөөгө бериш керек. Мына, Гонконгду билесиздер, токсон тогуз жылдан кийин жанагындай миллиарддаган, триллиаддаган байлыгы менен баарын Кытайга өткөрүп беришти. Эгер эртең эл аралык сотко берсе ар кандай болушу мүмкүн. Экономика, заман эртең өзгөрсө ар кандай шарттар болушу мүмкүн.

Пансионаттарды Казакстанга пайдаланууга берүүнү жактаган депутаттардын бири Ибрагим Жунусов Жогорку Кеңешке сунушталган ратификация жөнүндөгү мыйзам долбоорунда биротоло менчикке алуу жөнүндө маселе жок деп билдирди:

- Долбоордо менчигине бир жолу өтөт деген сөз жок. Күрөөгө 49 жылга берилет деген бар. Ал эми имараттарды алар көтөрүп кетпейт деген нерсени айтып атпайбы. Аларды биз баягы Советтер Союзунун акчасына курулган дебедик беле. Булар Казакстандын акчасы экенин далилдеп атышат азыр.

Ошол эле мезгилде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда Казакстандын пансионаттардагы менчигин таануу маселеси каралып жатканын кыйыткан.

Азыркы бийлик мамлекеттин менчигин каалагандай оңду-солду соодалоо менен алектенип жатат деп тынчсыздангандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина болду:

- Казакстандан биздин кандайдыр бир курулушту тартып алганга аракет кылып көрөлүчү. Бизден канчалык байгер болуп турса да, эч качан ал жөн эле берип койбойт.

Ошентип, төрт пансинатка байланышкан талаш-тартыш учурда парламенттин алкагынан чыгып, коомдук-саясий чөйрөлөрдүн да талкуусуна түшүп турган чак. “Улуу Биримдик” саясий партиясынын лидери Эмил Каптагаевдин пикиринде мамлекеттин бүтүндүгүнө тиешеси бар саналган бул өңдүү маселелерди бир расмий сапардын алкагында кароого болбойт:

- Эртең Бакиев Казакстанга барат деген саясат менен чыкпаш керек бу жерде. Элдин пикири бир: пансионаттар эч кимге берилбеш керек. Эл нааразылык сөзсүз билдирет. Элдин маанайы ушундай.

Ушундай көз караштарды таразалоо максатында Ысыккөлдөгү кабарчыбыз Рита Нурманбек кызы жергиликтүү тургундардын төрт пансионатка мамилесин сурамжылады:

Ысыккөл районунун акиминин орун басары Дамир Моңолдоров:

- Маалымат краажаттарында көлдүктөр чогулуп, ушуга жумурай-журту менен каршы деген пикирди айтып жүрүшөт. Мен андай эмес деп айтаар элем. Албетте, мүлк боюнча 1991-жылкы келишимге ылайык бул ошол мезгилде эле өтүшү керек болчу Кыргызстан тарапка. Бирок, үч президенттин өз ара сүйлөшүүлөрүнүн негизинде биринчи жолу үч жылга жылдырылган. Андан кийин 1994-жылы бул маселе көтөрүлүп, 2004-жылга чейин он жылга кайра узартылган. 2004-жылдан бери эле кайра көбүртүп –жабыртылып келатат.

Абылгазиев Кумарбек:

- Жерди 49 жылга берүү керек. Үстүндөгү мүлку болсо... казактар өздөрү курсун, иштетсин. Эски коттедждерге эл келбей жатат. Жерди көчүрүп кетмек беле, элге калат да.

Талан Исмаилов:

- Биротоло менчикке берүү туура эмес болот. Өлкө унитардык, аны бөлүп, чет өлкөлүктөргө берүү Конституцияга туура келбейт.

Максат:

- Калтырып эмне кылат? Андан көрө берсин да иштетишет.
....
- Кыргызстан иштетсе балким жумуш көп болмок. Казактар 90% жумуш беребиз деп атышат. Бүт эле өздөрүнүн кишилерин иштетишет. Өзүбүздүн элге кара жумуш берип атышпайбы.

Алмаз, таксист:

-Казактар, орустар, корейлер бүт баарын эле сатып алып атышат. Кыргыздар четте эле калдык азыр. Эми төлөтүп киргизеби деп калдым. Бербей эле коюш керек. Андан кийин дагы узартып алат да. Бакиевден башка президент келет, ал узартып коет. Анын сатылып кетет. Эми аларга жалынып жүрөбүзбү. Ижарага кыргыздарга берсе деле болот да. Бизге бербейт. Кыргыздардын атынан жерлерди алышып, иш жүзүндө казактар ээлик кылып атышат. Мына биздин келин-кыздар көчөдө жүрүшөт. Орустар келип иштеп атышат. Биз семичке сатып, сүт, жумуртка сатып бактын түбүндө отурабыз.

Жергиликтүү тургундардын көз караштары ушундай ар кыл болду. Бул аралыкта пансионаттардын Казакстандын менчигине өтүшүнө каршы депутаттар өкмөттөн мамлекеттик эксперттердин негиздүү аргументтерин берүүнү, 1992-жылдан берки келишимдерди кайра карап чыгууну сунуш кылып жатышат. Ансыз бул маселе ички саясий кырдаалга таасир этиши толук ыктымал дейт депутат Бакыт Бешимов:

- Азыркы учурда бул маселе ички саясий абалды да бир топ козгоп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, муну тактап карап, анан чечсек жакшы болот эле.

Бешимов пансионаттардын тагдыры жакынкы күндөрү Акүй каалагандай чечилип калышын жокко чыгарбайт. Болжолдуу маалыматтарда, бул маселе президенттин Казакстанга расмий сапары башталганга чейин каралары, атүгүл долбоорду колдоо максатында жең ичинен депутаттарды макулдатуу ишарасы жасалып жаткандыгы айтылууда. Бирок мындай божомолдор расмий тастыкталган жери жок. Белгилүү жакын аралыкта фракцияларда бул маселе жабык эшикте экинчи ирет талкууланып, төрт пансионатты комиссия кыдырып чыгаары күтүлүүдө. Парламент болсо пансионаттар маселесин качан карарын айта элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG