Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

13:15 Адахан Мадумаров: Эгер өкмөт мүчөсү отставкага кетсе оппозиция болот


Спикер Адахан Мадумаров бүгүн маалымат жыйынында БШК шайлоонун жыйынтыгын жарыялабаганы боюнча кимдир бирөөлргө отчет берүүгө милдеттүү эместигин билдирди. Ал ошондой эле Конституциялык сот менен БШК аткарган иштери тууралуу бирөөлөргө отчет берүүгө милдеттүү эместигин, алар мыйзамдын чегинде гана иш алып барышарын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда оппозиция жок. “Өкмөт мүчөлүгүнөн отставкага кеткендер оппозицияга өтүп, ал эми оппозициядагы адам өкмөт курамына кирүүдө. Оппозициядагы келечеги кең мыкты жигиттер оппозициядан кетишти”,-дейт Мадумаров. Эскерте кетүүчү жагдай азыркы бийликке оппозицияда жүрүшкөн Алмаз Атамбаев премьер-министр болуп иштеп кетсе, учурда Мелис Эшимканов УТРКны, Өмүрбек Субаналиев Нарын облусун жетектейт. Кабай Карабеков, Алишер Мамасалиев болсо бийликтин “Ак жол” партиясынын парламенттеги депутаттары. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG