Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

14:45 “ЭлТРдын” Байкоочу кеңеши президентке ачык кат жолдоду


“ЭлТР” коомдук теле берүүсүнүн байкоочу кеңеши аты аталган компаниянын жетекчиси Кадыр Кошалиевдин капысынан кызматтан алынып, анын ордуна Мамырайым Дуванаевдин дайындалышына нааразылык билдирип, президент Курманбек Бакиевге ачык кат жолдошту. Анда Байкоочу кеңештин мүчөлөрү бул маселе алардын макулдугусуз чечилгенин баса белгилешип, андан улам коомчулукта жана аты аталган теле компанияда нааразы болгондор көбөйгөнүн билдиришет. Ошондой эле Байкоочу кеңеш президенттен кошумча дагы бир канча талапкер сунуштоону, талапкерлерди ачык конкурс аркылуу кызматка алууну суранышат. Байкоочу кеңештин төрагасы Кусеин Исаев, мүчөлөрү Токтобай Мүлкүбатов, Кадыр Өмүркулов, Абдыганы Эркебаев, Мейликан Эмилбаева, Акжол Бердиев жана Карымшак Ташбаевдер президенттин жеке кабылдоосунда болуп, бул маселелерди талкуулоо ниети бар экенин да билдиришкен. Ал эми Мымырайым Думанаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Кадыр Кошалиев "ЭлТРди" жетектеп турганы бир катар кызматтык катачылыктарга жол берген жана жаңы жылдан бери бул тууралуу "ак үйдө" да сөз болгон. "Ушундан кийин гана мени бул кызматка дайындап, жөнөтүштү",- дейт М.Думанаев. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG