Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

КУБАН АБДЫМЕН: ПАРЛАМЕНТ СЫНДАН ӨТЧҮ МАСЕЛЕЛЕР АЛИ АЛДЫДА


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров жаңы шайланган парламент ишин баштагандан берки жүз күн аралыгындагы ишмердиги боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Жаңы парламент бул арада кандай иштеди? Шайлоочулардын үмүтү канчалык акталууда? Дегеле алгачкы жолу партиялык тизме менен келген бул парламенттин ишине коомчулук кандай баа берүүдө? “Азаттык” менен ушул маселелердин тегерегинде саясий серепчи, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин алдындагы парламентаризм борборунун башчысы Кубан Абдымен түз ободо маектешти.

- Өткөн жумада Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы ишин баштаганына 100 күн болду. Жаңы парламенттин ушул жүз күн ичиндеги ишине сиз кандай баа бересиз?

- Жалпысынан алганда парламенттин 100 күн ичинде кылган иштерине баа берүү эртерээк болуп атат. Себеби булар чече турган негизги иштердин бардыгы жүз күн өткөндөн кийинки убакытка туура келип атат. Мисалы, кыргыз-казак чегарасына байланыштуу талаш жерлерди ратификациялоо жана ушуга окшогон маанилүү маселелерди кароого парламент даярданып жатат. Андыктан парламенттин ишин жалпы сөз менен канаттандыраарлык деп айтсак дагы, негизги маселелер али алдыда.

-Партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү зарылдыгы кыргыз коомчулугунда көптөн бери айтылып, бирок ишке ашпай келген эле. Ошентип эгемен Кыргызстандын тарыхында алгач ирет Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышы толук бойдон партиялык тизме менен куралды. Бирок анын көпчүлүк бөлүгүн бийликтин партиясы ээлегени белгилүү. Ушундай шартта парламенттин партиялык тизме менен куралышы элдин, коомчулуктун үмүтүн канчалык актай алат?

- Бир жагынан алганда партиялык тизме менен парламентти түзүү, албетте, абдан прогрессивдүү жол деп айтсак болот. Себеби Кыргызстандын тарыхында мындай кадам биринчи жолу жасалып атат, парламент мүчөлөрү 100 пайыз партиянын тизмеси менен өттү. Экинчи жагынан алганда, парламенттеги 75 орунду бийлик тарабынан түзүлгөн “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү ээлеп калганы коомчулуктун көпчүлүгүнө анчалык жакпай турганы байкалып атат. Андыктан, биз биринчи кадамды жакшы деп айтканыбыз менен, чыгып аткан маселелердин бардыгын “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнүн ойлогон ойлору, айткан сөздөрү жана кылган иштерине жараша бааласак болот.

-Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктар ушул күнгө чейин токтобой келет. Атүгүл айрым оппозициялык партиялар бул парламентти таратып, кайра шайлоо өткөрүү маселесин да козгошууда. Мындай нааразылыктар эмнеге алып келиши мүмкүн?

-Мындай нааразылыктар күн өткөн сайын көбөйгөнү байкалып атат. Бирок коомчулуктун арасындагы 2-3 жылдан берки нааразылыктардын бардыгы башка жактагы өнүгүүгө терс таасирин тийгизгендиктен, коомчулук жаңы шайлоолорго азырынча даяр эмес дегендей ой бар. Себеби жаңы шайлоого бет алып, партиялык тизме менен жаңы парламентти түзөбүз деген жол тандап алсак, анда коомдогу карама-каршылыктар мындан дагы күчөп, элдин арасындагы тынчып бараткан абал курчуп кетиши мүмкүн деген чочулоолор бар.

-Сиздин оюңузча бизге азыр кандай парламент керек, дегеле кыргыз парламенти кандай болуш керек?

-Менин жеке оюмда, азыркыдай партиялык тизме менен шайланган парламент абдан зарыл. Бирок партиялардын тизмеси менен келген депутаттардын бардыгы накта шайланган депутаттар болуш керек. Бийликтин күчү менен келбестен, эл тандап алган, татыктуу иштей алган, өзүнүн тажрыйбасын топтоп Кыргызстанга накта пайда алып келе турган саясий ишмерлер, саясий топтор, партиялар келип иштесе, анда Кыргызстандын келечеги жакшы болмок.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG