Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

17:21 «Сарыөзөндүн» башкы продюссери УТРКнын жетекчиси М.Эшимкановдун кызматтан кетишин талап кылууда


Аталган компаниянын генералдык продюсери Жайнагүл Максимова, «Улуттук телерадио корпорациясынын жетекчиси Мелис Эшимканов жетекчиликке келгенден бери аймактык теле берүүлөрдү толугу менен эфирден четтетип, соңку кездерде продюссер катары менин ишмердүүлүгүмө жана адамдык абийириме көө жабуусун баштады», - деди бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында. Андан сырткары КТРдин кадрдык саясатындагы калпыстыктар, берүүлөрдүн начардыгы жана айлык маянанын туура эмес бөлүштүрүлүп жатканы нааразылык жараттууда деп кошумчалады Ж. Максимова. Ал эми Улуттук телерадио корпорациянын генералдык директорунун орун басары Эрнис Кыязов, «аймактардагы телерадио компаниялардын техникалык мүмкүнчүлүгү да, журналистердин чыгармачылык дарамети да талапка жооп бербегендиктен ушундай кадамдарга бардык»,- деп белгиледи. (JJ)

XS
SM
MD
LG