Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

ЖООМАРТ САПАРБАЕВ: БИЙЛИКТИН ӨЗҮМ БИЛЕМДИК САЯСАТЫ АКЫРЫ КАГЫЛЫШУУГА АЛЫП КЕЛЕТ


Кыргызстандагы бир катар жаштар уюмдары чегарадагы айрым аймактарын жана Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионаттын Казакстанга берилишине каршы экенин билдирүүдө. Бул маселе жаш саясатчылардын өткөн жуманын соңундагы жыйынында да талкууланды. “Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев менен ушул маселе боюнча маектештик.

-Бул жыйында жаш саясатчылар кандай чечимге келгенин айтсаңыз?

“Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып” дегендей бардык уюмдар алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн биригели деп чечтик. Чегарада берилип жаткан жерлер, пансионаттар боюнча, ошондой эле азыркы мамлекетте болуп жаткан көйгөйлүү маселелер боюнча биз өзүбүздүн билдирүүлөрүбүздү таркатып, реакция кылалы деп атабыз. Студенттер менен жолугушуп Каркыра, Таласта берилип жаткан карьерлерди, көлдөгү пансионаттар боюнча талкуулайбыз.

-Буга байланыштуу кандай иш чараларды өткөргөнү жатасыздар?

Албетте, азыр ишчаралар боюнча так айтыш кыйын. Бирок ушул жуманын ичинде билинет го иш чараларыбыз кандай болот.

-Силердин мындай демилгени жаштардын башка кеңири катмары кандай кабыл алышууда, дегеле бул демилге канчалык колдоо табышы мүмкүн?

- Менин оюмча бул демилге колдоону аябай жакшы эле табат болуш керек. Анткени бул жерде ар бир адамдын көйгөйү болгон жер, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү, ар-намыс, атуулдук маселеси көтөрүлүп аткандан кийин жаштар жакшы эле колдойт болуш керек.

-Сиздин оюңуз боюнча 4 пансионаттын Казакстанга ижарага берилиши эгер парламент тарабынан колдоо тапса, анын арты эмнеге алып келиши мүмкүн?

-Өзүңөр билесиңер, көлдө жашаган биздин жарандарыбыз пансионатты берүүгө каршы экендиги боюнча өзүнүн билдирүүсүн тараткан. Эгерде парламент колдоп ижарага берилип кетсе, анда бул социалдык жана коомдук дагы бир кагылышууларга алып келиши мүмкүн.

-Коомчулуктагы нааразылык пикирлерди бийлик угуп, андан бир жыйынтык чыгарат деп күтсөк болобу?

-Аны күтпөй деле калдык. Анткени үч жылдан бери көрүп деле калдык. Азыркы отурган бийлик коомдун, жарандардын оюн эч кандай ойго албай эле өзүм билем деген саясат жүргүзүп атат. Ошондуктан, менин оюмча, калган 7 жылда адам укугун, же биздин жарандардын пикирин укпайт.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG