Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

18:38 Элдик курултайга даярдыктар көрүлүүдө


Бүгүн «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылынын мүчөлөрү жалпы Элдик курултай тууралуу жыйын өткөрүштү. Жыйында уюштуруу маселелери каралды. 12- апрель күнү болуучу Курултай саат 10-00 М.Горькийдин эстелигинин алдында башталат. Алгач делегаттарды каттоо жүргүзүлүп андан соң жаштардын, аялдардын, региондон келген делегаттардын, партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өз ара чакан жыйындары өткөрүлүп, пикир алышуулар болот. Ошондой эле ачык асман алдында эстарда ырчыларынын концерттери тартууланат. Андан соң саат12-00 Курултайдын официалдуу бөлүгү Кожомкул атындагы спорт сарайынын ичинде башталат. Курултайда Резолюция жана жалпы Кыргызстандын элине атайын кайрылуу кабыл алынат. Ал эми ушул жалпы Элдик курултайдын алдында 10- апрель күнү Ата бейитте кой союлуп арбактарга куран окутулат. Бул иш чарага «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылы менен Коомдук парламенттин мүчөлөрү катышат. Бул тууралуу аталган кыймылдан кабарлашты.(AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG