Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

19:00 Белгилүү кинорежиссер Нурбек Эген Баткен шаарында жаштар менен чыгармачылык жолугушуу өткөрдү


Ошол эле учурда ал аймактагы жазуучулар, актерлор жана кызыктуу адамдар менен баарлашып, келечекте тартылчу “Манастын төрөлүшүн утурлай” аттуу документалдык-публицистикалык фильми тууралуу баяндап берди. Нурбек Эген “Азаттыкка” жооп берип жатып, тартыла турган кинотасманын каармандары жарым-жартылай тандалганын да маалымдап өттү. Чыгармачылык жолугушууну “Ыйык Ата-журт” коомдук жаштар фонду, “Шоокум”, “Илим, турмуш жана маданият” журналы жана “Санжыра” кинокомпаниясы биргеликте уюштурууда. (SA)

XS
SM
MD
LG