Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:27

Кыргызстандын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча акыркы жылдары чет өлкөгө кеткен кыргыз жарандарынын --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/B30A5C82-9077-46B4-8B5D-15C1F7C5A825.asp саны өсүп, жарандыктан биротоло чыгып, Орусиянын атуулу болуп кеткендердин саны 100 миңге жетти. Алардын арасында мамлекетти башкаруу саясаты менен ар кандай кысымга чыдабай кеткендердин да саны өсүп баратат деп укук коргоочулар коңгуроо кага башташты.

2005-жылкы март ыңкылабынан кийин Акаевдик бийликтин саясаты менен кысмагынан чет өлкөдөн башпаанек издеп кеткен жарандар кайтып келет деген үмүт чоң болчу. Ошол кезде 200дөн ашуун мүчөсү чет өлкөгө кеткен “Ар намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, тилекке каршы кеткендер келбей, тескерисинче тымызын из жашыргандар көбөйдү. Анын айтымында, буга өлкөнүн экономикалык абалы менен эртеңки күнгө ишенбөөчүлүк башкы себеп:

-Алар азыркы саясатка макул эмес. Анан абал Акаевдин мезгилинен да начар. Куугунтук токтобой, мурун сот аркылуу, кичине мыйзамдаштырып бизнестерин жаап турса, азыр бул ишке бандиттерди аралаштырып жатышат.

Кыргызстанды таштап, башка өлкөгө кеткендерге кийинки кезде журналисттер да кошулууда. Алардын көз карашында буга журналисттерди өлтүрүү, токмоктоо же коркутуулардын акыркы жылдары күч алып, киши колдуу болуп көз жумган Алишер Саиповдун
өлүмүнүн себебинин ачылбагандыгы түрткү болууда. Журналисттерге кол салуу боюнча өткөн жылдын 11 айында Ички иштер министрлигинин тизмегине алынган 20 окуянын да учу табылбай, катуу токмоктолгондон кийин Улуттук телерадиокорпорациянын кабарчысы Кайрат Биримкулов, ишинен кооптонуудан улам “Пирамида” телеканалынын шеф-редактору Турат Бектенов үйбүлөсү менен өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болушту.

“Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдун айтымында, экөө тең өмүрүнө коркунучтан улам ушундай чечимге барышты:

- көө тең өмүрүбүзгө коркунуч туулуп жатат деп кетишкен. Бул эки мисал Кыргызстанда журналисттердин кесиби уламдан-улам коркунучтуу болуп жаткандыгынын бир далили.

Марат Токоев коомдун күзгүсү болгон журналисттерге кол салуу мурун чектен чыккан окуя эсептелсе, азыр кадимки көрүнүшкө айланып баратканы кооптондурат:

-Мындай фактылар мурда Акаевдин убагында деле болчу. Бирок ал фактылар сөзсүз түрдө президенттин же өкмөтүн көзөмөлүндө болуп, сотко чейин жетчү. Азыр журналисттерди ким токмоктогону табылбай калды. Журналисттер арасында укук коргоо жана сот системасына ишеним жок.

“Журналист” коомдук бирикмесинин иликтөөсү боюнча азыр маалымат каражаттар ортосундагы эки жээкке бөлүнүү жана бийликтин кысмагы менен анын сөзүн сүйлөө талабы да эркин журналисттердин башка жакка кетүүсүн шарттап жатат, дейт Марат Токоев.

Бирок президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев мындай пикирге макул эмес. Анын баамында Кыргызстанда ММКлар менен журналисттер эркин жана аларды куугунтукка алуу деген түшүнүк жок:

-Биз баарыбыз эле радиону угуп, телевизорду көрүп, гезит окуп жатабыз. Чыныгы сөз эркиндигинин деңгээли кандай экендигин ушул ММКнын ишинен карап көрсөк болот. Баары эркин, кандай гана маалыматтар, кандай гана сындар жок. Ошондуктан, тынчсызданууга, куугунтук болуп жатат деген ойго эч кандай негиз жок. Тескерисинче, бүгүнкү күнү Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы эң жогорку деңгээлде десек болот.

Анткен менен “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова акыркы кездеги тымызын куугунтук менен кысмакка алуудан Урмат Барктабасов, Эдил Байсалов сыяктуу саясатчылар жана журналисттер гана эмес укук коргоочулар да кооптонуп, чет өлкөгө кетип жаткандыгына тынчсызданат. Анын айтымында, Акаевдин учурунда демократияны жайылтууга жан үрөп, кийин Жерүй алтын кени ачык иштетилсин деген талап койгон белгилүү укук коргоочу Улукбек Осмоновдун куугунтуктан улам башка өлкөгө кетиши буга жакшы далил:

-Укук коргоочу Улукбек Осмонов кетип калды. Ал Таласта Жерүй маселесин көтөргөнү үчүн куугунтукка кабылбадыбы! Ал белгилүү укук коргоочу болчу. Ошондой эле апрель митингдерине катышкан адамдардын көбү чет жерде качып жүрүшөт.

Азиза Абдрасулова мындан тышкары чоң саясаттан четтеген ири саясатчы-ишкерлердин унчукпас болушуна да материалдык, моралдык кысым башкы тизгин болуп жаткандыгы мамлекеттин өнүгүү келечегине терс таасир берет деп белгилейт:

- Кичине баш көтөрүшкөн Байболовдор эмне болушту? Же НТС телеканалынын ээси катары таанылган Өмүрбек Бабанов эмне болду. Унчуга албай калышат турбайбы!

“Азат” компаниясынын башчысы, ишкер Өмүрбек Абдрахмановдун оюнда, бийликтин өлкө атуулдарын качууга же унчукпас топко айланууга мажбур кылган аракеттерин токтотууга эл каршы турушу зарыл:

-Салык төлөбөй койдуң деген шылтоо менен аялымдын колуна кишен салышкан. Менин саясатка кийлигишкенимдин себебинен ар кандай чабуулдар болуп жатканы анык эле нерсе. Ошон үчүн биринчи кезекте кыргыз эли өзү шайлап алган бийлигинен сураш керек.
XS
SM
MD
LG