Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

СТРАТЕГИЯЛЫК ИШКАНАЛАРДЫ КОЛДОН ЧЫГАРБОО КЕРЕК


Кыргызстанда “Стратегиялык объектилер жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламентке жолдонду. Долбоордо стратегиялык обьектердин тизмесин Коопсуздук Кеңеши аныктаары белгиленген. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун айтымында, бул мыйзам “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзамдын ордуна келатат. Ал эми стратегиялык обьектердин тизмесине кайсы ишканалар кириши мүмкүн?

Кыргызстандын экономикасынын арка-бели Токтогул суу сактагычынын төмөн жана өйдө жагында жайгашкан ГЭСтер жана алар иштеп чыккан электр энергиясын ташуучу жогорку чыңалуудагы электр линиялары экени аталып келет. Ошондуктан бул обьектилердин менчиктештирилип, же сатылып кетишине жол бербеш үчүн 2002-жылы “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин жана жогорку чыңалууда электр линияларынын өзгөчө статусу” жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамда бул обьектилердин сатылышына жана менчиктештирилишине тыюу салынган. Бирок азыркы өкмөт бул мыйзамды жокко чыгарууну сунуштап парламентке кайрылды.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун айтымында, бул мыйзамды жокко чыгаруу менен катар өкмөт өлкөнүн “Стратегиялык обьектилери жөнүндө” мыйзам кабыл алууну парламентке сунуштап жатат.
Өкмөттүн маалымат кызматынын 7-апрелдеги маалымдоосуна караганда, “Стратегиялык обьектилер жөнүндөгү” мыйзам долбоор парламентке жолдонду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин стратегиялык обьектилер боюнча башкармалыгынын башчысы Абдырашит Муканбетов мыйзам тууралуу буларды билдирди:

-Мыйзамда ишканалар так аталган эмес. Алар топ-тобу менен берилген. Мисалы үчүн биринчи, Куралдуу күчтөрү колдонуучу аскердик техника, жабдуулар, экинчи, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары колдонгон имараттар жана жайлар аталган. Андан сырткары магистралдык темир жол тармактары, гидро жана жылуулук электр станциялары, улуттук статуска ээ болгон токой чарбалары, биосфералык аймактар. Ушундай жалпысынан 14 аталыш бар.

Муканбектовдун айтымында, стратегиялык обьектилердин тизмесин Коопсуздук Кеңеш аныктап, өкмөт бекитет, бирок бул мыйзамда менчиктештирүү маселеси каралган эмес. Ал башка мыйзамдарда белгиленген.

Россиянын президенти өз өлкөсүндөгү стратегиялык обьектилердин тизмесин өз жардыгы менен аныктаган. “Бирок Россиядагы кырдаалдын бизден айырмачылыгы Москва мамлекетти күчтөндүрүү максатында маанилүү ишканаларды мамлекет колуна топтоп жатса, Кыргызстанда тескерисинче кетүүдө”,- дейт Жогорку Кеңештин Социал-демократиялык фракциясынын мүчөсү Осмонбек Артыбаев:

-Россия атом, энергетика, нефть, газ ресурстарын мамлекеттин кубаттуулугун бекемдөөгө багытталууда.Мамлекеттин стратегиялык коопсуздугун бекемдеш чоң комплекстер курулууда. Бизде тескерисинче болуп жатат. Бизде коопсуздукту сактай турган бул- суубуз менен энергетикабыз. Ушуларды азыр менчикке беребиз деген багытта аракет кылыш бул туура эмес.

Осмонбек Артыкбаевдын айтымында, алар “Энергетика жөнүндөгү”, “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусун жокко чыгаруу жөнүндөгү” жана “Стратегиялык обьектилер жөнүндөгү” мыйзамдардын үстүнөн ишти баштай элек. Бирок алардын парламентке түшкөнү боюнча кабары бар.

Ал эми парламенттин отун-энергетика жана жер байлыктары боюнча комитет төрагасы Юрий Данилов парламентке сунушталган мыйзамдар өтө татаал экенин буга чейин “Азаттыкка” билдирген.
Талдоочулардын пикиринде, бийлик бул мыйзамдар аркылуу менчиктештирүүнү толук өзүнүн көзөмөлүнө алууга аракеттенүүдө. Анткени бул мыйзамдар кабыл алынса Жогорку Кеңеш энергетика тармагын менчиктештирүүдөн четтетилет, Токтогул каскадындагы ГЭСтерди менчиктештирүүгө жол ачылат жана өкмөт стратегиялык обьектилердин тизмесин өзү түзүп, өзү баарын калчоого мүмкүнчүлүк алат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG