Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

8-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Фрунзе полиграфиялык комбинаты 1966-жылдын 8-апрелинде ишке киришкен. 1997-жылдын 8-апрелде Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү ортосунда Түбөлүк достук жана аскердик кызматташуу Келишимине кол коюлду.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин ийгиликтүү жүзөгө ашырылган тармактын бири - маданий реформа эсептелинет. Кыргызстанда адегенде колдонулган араб алфавити жаңы илим жана билим талаптарына жооп бербестигин коомдук өнүгүү ашкерелеген. Анын натыйжасында өлкөдө латын тамгасына өтүү маселеси кабыргасынан коюлган. Латын алфавитини адегенде жактаган Адам Касым Тыныстанов болгон. Касым Тыныстановдун «Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы "Эркин Тоо" гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында жарыяланаган. Макалада латын алфавитинин долбоору жана мааниси көрсстүлүп, анны кабыл алуу зарылчылыгы белгиленген.

Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу токтотулган футболдук оюндар 1945-жылдын 8-апрелинде кайра башталды. Бул күнү Фрунзе шаарында шаарлар аралык оюн өткөрүлүп, ВЦСПСтин 1944-жылкы чемпиону «Торпедо» командасы фрунзелик чегарачылар командасын 9 : 0 эсеби менен утуп алды.

Фрунзе полиграфиялык комбинаты 1966-жылдын 8-апрелинде ишке киришкен. Жаңы комбинат убагында Орто Азиядагы эң кубаттуу ишканалардын бири эсептелинген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки өлкө башына түшкөн оор сыноо наркотикалык заттар менен күрөшүү стратегиясын аныктоого байланышкан. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 1993-жылдын 8-апрелинде «Наркотиктерди көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик комиссияны уюштуруу» туурасында жардыкка кол койду. Жардыкта наркотикалкы заттарды чектөөнүн жолу, кызыкдар мекемелер арасындагы байланыш сыяктуу маселелер каралган. Мамлекет башчысынын жардыгы менен жаңы уюшулган комиссияны такшалган офицер Б. М. Рыскулов жетектеген.

Кыргыздар менен казак калктарынын ортосундагы мамиле илгертеден туугандык жана коңшулук карым-катнашка ылайык өнүгүп келгени маалым. Эки өлкө эгемендикке жеткенден кийин да мындай алака сакталып, Кыргызстан менен Казакстан ортосунда ич ара ишенимдүү мамиле орноду. Анткен менен айрым жетишилген келишимдер азыркы эларалык саясий дипломатиялык нормалардан четтеген жактары да байкалбай койгон жок. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин 1997-жылдын 8-апрелде Казакстанга жасаган расмий визити маалында Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү ортосунда Түбөлүк достук жана аскердик кызматташуу Келишимине кол коюлду.

Кыргызстандык кинорежиссер Актан Абдыкалыковдун «Беш Терек» аттуу фильми убагында визуалдык антропологдордун кызыгуусун жараткан. Нукура кыргыз дүйнөсүн чагылдырган фильм 2002-жылы Москва шаарында өткөн визуалдык антропологдордун «Бөлөк дүйнө менен диалог»» аттуу Биринчи эларалык фестивалы үчүн тандалып алынган. «Беш Терек» фильми эларалык фестивалдын соң күнү 8-апрелде көрсөтүлүп, дүйнөгө аты таанылган антропологдор кыргыз жашоосу туурасында пикир алмашышты.
XS
SM
MD
LG