Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:06

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/FEEFD476-E9A3-46A3-9DC1-B06D2BAAE2B6.asp 7-апрелде Жалалабатта “Ата мекен” партиясынын активдүү мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуу маалында кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов андан бир катар орчундуу маселелер боюнча ой-пикирин сураган.

-Өмүрбек мырза, учурдагы коомдук-саясий жагдайга сиз кандайча баа берер элеңиз?

-Абал абдан татаал, келечек белгисиз, бүгүнкү өкмөттүн колго карманарлык, ынанарлык программасы жок болуп чыкты. Лидерлерге, өкмөткө ишеним болсо, анын программасы реалдуу экенин эл ынанып көрүп турса, ар кандай убактылуу кыйынчылыктарга туруштук берип, эмгекте, экономикада чоң ийгиликтерге жетишсе болот.

Тилекке каршы, андай программаны акыркы 3 жылда биз уга алганыбыз жок. Болгону гана өкмөттүн жаңы экономикалык саясатында айтылып жатканы, эски саясатты улантып, болгондун баардыгын сатып, ушул жылдын аягына чейин жеке адамдардын, чет элдик адамдардын колуна өткөрүп берсек деген шашылыш чаралар болуп жатат. Муну биз туура эмес деп эсептейбиз.

Анткени энергетика ресурстарына, энергетика инфраструктурасы, бул жанагы бөлүштүрүүчү компаниялар, трубопровод, ошолорго ээ болгон мамлекет дүйнөнүн кожоюну болот деген ой бүгүн кайра-кайра айтылып отурат. Биз ушундай дүйнөлүк тартип өзгөрүп атканда, дүйнөлүк мамилелердеги түшүнүктөр өзгөрүп атканда, келечекти ойлобой, аңдабай туруп баарын эле бүгүн сатып жиберели деген жаман жол менен кетип отурабыз. Мына статистика көргөзүп жатат, жылдан-жылга өзүн-өзү жанын кыйып өлтүргөн адамдардын саны көбөйүп атат. Былтыр 450 дөн ашык болсо, быйылкы статистика боюнча эгерде ушундай кетип отурса быйыл 500 адам өзүн-өзү жанын кыят деген сөз бар. Бул абдан коркунучтуу тенденция.

Адамдар эмне үчүн өзүнүн жанын кыят? Үмүтсүздүктөн, эртеңкиге ишеним жоктуктан. Бирок баары эле кыйбайт, психологиялык системасы начарлар ушундайга барып атат, ага барбаган адамдар дагы андан кем эмес стресске дуушар болуп жатат.

Бул тенденция бүгүнкү ишенимсиз, келечектен үмүтсүз кырдаалдын реалдуу көрсөткүчү болуп эсептелинет тилекке каршы. Бул өз ыктыяры менен жан кыйгандардын саны. Чет жерде нан, жумуш издеп жүрүп өлгөндөрдүн саны да жылдан-жылга көбөйүп отурат. Фронттон уккан сводкадагыдай эле, интернет, гезиттер аркылуу тигил, же бул өлкөдө өлгөн, жабырланган кыргыздардын сандары чыгып отурат. Бирок ошого карабастан элдердин жапырт түрдө чет жакка жумуш издеп кетүү процесси уланып жатат. Мен жана айткандай, өлкөнүн экономикасына, биз сунуштаган саясатка элдин ишениминин аздыгы, өзүнүн бактысын, жумушун биз менен, кыргыз бийлиги менен байланыштырбастан чет элден издеген атуулдардын саны көбөйүп атат. Бүгүнкү күндүн эң коркунучтуу фактору ушул деп эсептейт элем: үмүтсүздүк, ишенимсиздик, туңгуюк.

-Кыргыз бийлиги жакындан бери Ысыккөлдүн боюндагы курулган төрт пансионатты Казакстанга 49 жылга ижарага беребиз деп кайра-кайра маселени көтөрүп жатышат. Ал эми экинчи бир тараптардын пикирине караганда, эгерде Казакстанга берсе Кыргызстандын аймагында анклав түзүлүп калат деген пикирлер бар. Буга карата сиздин оюңуз кандай?

-Ысыккөлдө чет элдиктерге тиешелүү болгон пансионаттардын саны абдан көп. Кеп анда эмес, биз кантип берип жаткандыгыбызда. СССР тараганда нулевой вариант деген вариант кабыл алынган. Ал вариант боюнча кайсы өлкөнүн аймагында кыймылсыз мүлк, танк, учак, эмне турса ошонун баары ошол өлкөнүн менчигине өтөт деген чечим чыгарылган.

Кийинчерээк 92-жылы баарын өткөрсө болбойт экен, анча-мынча нерселерди бири-бирибизге берели деп кошумча келишим түзүлгөн. Бирок ошондо Кыргызстан курорттук-реконструкциялык объектилерди эч кимге бербейбиз деп өзүбүз ушундай сунуш менен кол койгонбуз. Мына ошентип көлдүн айланасындагы менчиктердин баары бул кыргыз мамлекетинин менчиги. Эгерде кимдир бирөө ошону алгысы келсе, кулдук уруп, суранып, эл катары соодага катышып сатып алса болот. Бул боюнча биздин мыйзам эч кимге тоскоолдук кылбайт. Бирок бүгүнкү бийлик президент баш болуп “Ак жолдун” депутаттары “кокуй, бул казактын акчасына курулган, ошолордун менчиги, талашканыбыз уят” деп турганы бул биздин 15 жылдык тарыхыбызды билбегендиги, ошону сатам деп аткан адамдардын жоопкерсиздиги, элди алдагандыгы болуп жатат.

Антип айтпаш керек, "бул Кыргызстандыкы, казак туугандар суранып атат, эмне кылалы кыргыз туугандар, же ушуну жөн эле белек кылып берип коелубу, же эл катары саталыбы", деп маселе коюш керек. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш эки жолу чоң чечим кабыл алган, бирөө 1996-жылы болгон, экинчиси 2002-жылы болгон. Биз ошол жерде Өзбекстан менен Казакстан пайдаланып жүргөн менчиктер бар, ошол менчикти алгыла деп өкмөткө кайра-кайра тапшырма берилген.

Мына 15 жыл өттү, 15 жылга чейин эки президент, ондон ашык өкмөт болду, ошону алалбай келип отурат. Мындай маселе ал эле жерде эмес, мына Бүргөндү тарапта мунай, газ чыккан жерибизди 15 жылдан бери бекер Өзбекстан алып кетип жатат. Ал жерден чыккан нефти менен газ Кыргызстан дебейм, Баткен облусунун айыл чарбасына керек болгон күйүүчү майды жөн эле камсыз кылып, алар бекер өзү менен өзү болуп отурмак.

15 жылдан бери запас уламдан-улам азайууда. Тилекке каршы, мурунку өкмөттөр дагы, азыркы өкмөт дагы бул жакта иш аракет кылган жок, бир нерсе десек коңшуларыбыз таарынып калабы деген принцип менен иштеп атат. Жок андай эмес, эл аралык мамилелердин эмес, рынок шартында тууган менен туугандын ортосундагы мамиле да эбак иштелип чыгып калган. Достукта дагы эсеп болот дегендей, коңшуларыбыз менен эсептешип, анын үстүнө алар бизге газын, нефтисин бекер берген жок, жолунан өтсөк жолуна төлөйбүз, тең ата, партнердук, ынтымак мамиледе болушубуз керек.

-Эки жылдан кийин буюрса президенттик шайлоо болот. Сиз ага катышасызбы?

-“Ата мекен” социалисттик партиясы сөзсүз түрдө катышат. Ким партиядан талапкер болуп жылдырылат, партия кимди колдойт убагы келгенде курултайда биз айтабыз. Бул абалдан көз каранды. Бирок партия Кыргызстандагы эң күчтүү саясий күчтөрдүн бири катары өз көз карашын айтып, түздөн-түз тигил, же бул кандидатты колдоп катышабыз. Ал ким болот, убакыт көрсөтөт.

-Айрым саясатчылар ушул учурда өлкөнүн борборун Ош шаарына которуу демилгесин көтөрүп жатышат. Ош шаары өлкөнүн борбору статусуна жооп бере алабы?

-Менин оюмча, Бишкек Кыргызстандын борбор шаары болуп калыш керек. Бизде өкмөттүн түшүнүктүү, элге ынанымдуу, регионалдык өнүгүү программабыз жок болгондуктан адамдар борбор шаар кайда көчсө, чиновниктер кайда келсе алар кабат-кабат үйлөрдү курат экен, машиналарды минип, ресторандарга барат экен дагы, коррупцияланган чиновниктер ушул шаарды, регионду өнүктүрөт экен деп атат да. Андай болбош керек, биз бул көз караштан кетишибиз керек. Реалдуу регионалдык саясатты иштеп чыгып, өзгөчө региондорго мамлекеттик көмөк көрсөтүү менен инвестицияларды тартып, өзгөчө экономикалык кырдаал түзүп, өнүгүүсүнө көмөк беришибиз керек.

Борбор шаар көчүп келсе бир топ жандануу болот. Бирок 5-10 миң адам иштеген завод курулуп калган болсо, Кыргызстандын региондорунда иштеген завод боло турган болсо, менин оюмча, мындан пайда көбүрөөк болмок. Ош экинчи борбор, мамлекет экинчи борборго тете татыктуу мамиле кылып, каржылап, мына ушундай шарт түзүш керек.

Кээ бир бийлик органдарын Ошко көчүрүп жатканы туура. Мисалы Түштүк Африкада парламенти бир жерде болсо, Жогорку Сот бир жерде, президенти экинчи жерде отурган өлкөлөр бар. Борборду - баардыгын Ошко көчүрүп келиш керек дегенди мен жакынкы 10 жылдарда туура эмес деп эсептейм. Мына көбү айтат, Стамбулдан Анкарага көчпөдүбү деп. Стамбулду талашып, чек арада туруп тоонун арасында согуш боло турган жерден алысыраак Анкарага кеткен. Ар бир өлкө өз жолун тандаганда тигил, же бул тарыхый маселесин чечет. Башка жол жок калганда гана ушундайга алып кетет.

Көп өлкөлөрдө, мисалы Латын Америкасында кээ бир өлкөлөрдө атайын чиновниктердин шаары бар, ал экономиканы тилекке каршы өнүктүргөн жок, чиновниктердин гана шаары болуп калган. Негизги экономикасы өнүккөн борборлор ал башка, аны тарых, кырдаал аныктайт.

Мисалы, менин оюмча, Ош аркылуу Кытайга чыккан темир жол бүтсө, Эркештам аркылуу шоссе жолубуз бүтүп, ошол жакта чоң базалар ачылып, Фергана өрөөнүн, Тажикстанды камсыз кыла турган базарлар ачылып калса, анда Оштун келечеги мына ошондо турат. Ошондо өзүнөн-өзү инвестиция, капитал да алып келет. Туура сырттан жылына былтыр миллиард долларга жакын акчаны биздин мигранттар алып келди. Быйыл 2 миллиардга жакын келиши мүмкүн деп атат. Ошол акчалар Кыргызстанга жукпай атат. Жарымынан көбү кайра эле чет элге кетип калып атат, бизде завод, фабрика болуп алар иштеп берген жок. Ал эми калгандарына машина алып атабыз, же болбосо мындан ары кымбаттайт экен деп Бишкектен үй сатып алып атабыз. Ошондуктан үйлөрдүн баасы ал жакта эбегейсиз кымбаттап атпайбы.

Экономика иштебегендигинин себеби, акча бар, биз сырткы инвестиция деп кайгырабыз, ички инвестицияда биздин мигранттар тапкан акча дагы кудайга шүгүр. Мына ошону ишететүүгө ыңгайлуу кырдаал түзүп бериш керек, мамлекеттик түрткү, жөлөк берилиш керек. Кыргызстандын региондорунун өнүгүү потенциалы кудайга шүгүр эле.

-Түштүк аймактарындагы чек ара жайларында аябай көйгөйлүү проблемалар көп. Чек ара маселесин сиздин оюңузча кантип чечсе болот?

-Чек араларды тактоо боюнча коңшулар менен тынымсыз иш чараларды алып барышыбыз керек. Биз өз кызыкчылыгыбызды принципиалдуу колдошубуз керек. Географиялык коммуникациялык чатак жерлер бар. Ал жерге мамлекет өзгөчө көңүл буруш керек. 1999-жылы мен мыйзам киргизгем, ал кезде мен аскердик конуштар деп атадым эле, балким аты коркуткандыр, ошол мезгилде президент кол койбой койгон, кокуй коңшулар эмне дейт деп. Мен аны өзгөчө конуштар деген ат менен кайра киргизгем мурунку парламентке. Эми азыркы парламент мүчөлөрү аны колдоп, андан ары алып кетеби? Бул чек ара маселелери абдан олуттуу, курч турган жерлердеги конуштардын өзгөчө статустары.

Биз ал жердеги адамдарга салыктан женилдик жана башка мамлекеттик көмөк жардамдарды берип, адамдарды ошол жерде кармап, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүп, аскердик планда дагы атуулдарга өзгөчө мамиле кылуу керек.

Мисалы мен сунуш кылгам: ошол жерде төрөлүп, ошол жерде жашап жаткандыгы үчүн адам аскер кызматчысы деген статуска тете женилдик алыш керек, жер салыгын төлөбөйт, коммуналдык кызматтардан женилдиктери бар дегендей. Алар сөзсүз түрдө жумасына белгилүү бир убакытка аскердик машыгуу чараларын да үйрөнүп турат. Көп өлкөлөрдө ушундай көргөзүлгөн, экономикалык тараптан сөзсүз түрдө мамлекет көмөк көргөзүш керек деп. Мына ошондо ал жерде белгилүү сандагы биздин атуулдар туруктуу ар дайым жашайт, алар балдарынын келечегин ошол жер менен байланыштырат, Орусияга, же Бишкекке көчүп кетейин дебестен.

Тилекке каршы, мен жана айтып өткөндөй, үмүтсүздүк, мамлекеттин камкордугу жок, аз-маз болсо дагы анын туруктуулугуна эч ким ишенбейт. Бир-эки ай болуп чуу басылгандан кийин унутулуп калып атат. Бизде мыйзам чегинде саясатты туруктуу жүргүзө турган болсо, менимче, ал маселелерди чечсек болот.

-Учурда “Сентябрь” телеканалы обого чыкпай турат. Мунун көрсөтпөй калганынын себебин эмне менен түшүндүрө аласыздар. Облустук экономикалык соттун аныктамасына байланыштуубу, же башка дагы себептер барбы?

-“Сентябрь” телекомпаниясынын айланасындагы чыр-чатак Кыргызстанда акыркы жылдан бери ийгиликтүү колдонулуп келген технология , тигил же бул ойдон чыгарылган чарбалык талаштарды сот аркылуу башкача чечип, ал эми сот саясий заказдан улам туура эмес чечимдерди чыгарып, көптөгөн телекомпаниялар, ММКлар менчик ээлерин өзгөрттү.

Мен “Пирамида” телекомпаниясын, азыр 5-канал деп чыгып жүргөн КООРТ телекомпаниясын, НТС телекомпаниясын айта алам. НТС телекомпаниясы ОРТ 1-каналда көрсөтүп жүргөн, ал каналды да алып коюшту. Жергиликтүү башка телевидениелер тууралуу сөз кыскача. Алар "өлбө жаным, өлбө" деп чыгып жүрүшөт. “Сентябрь” телерадио компаниясы саясий кысымдын курмандыгы болду десек болот. Бул деген сөз эркин ММКга басым, чындыкты, элдин пикирин монополиялаштырып, менчиктештирип алууга болгон аракет катары баалайм.

-Жалалабат шаардык Кеңеши 5-мартта митинг, көчө жүрүштөрүн шаардан сырткары турган Телтору ат майданында, Курманбек баатырдын фольклордук талаасында өткөрүү чечимин кабыл алды. Ушуга карата сиздин оюңуз кандай. Бул жерде адамдардын укугу бузулуп калган жокпу?

-Бул Конституцияга туура келбеген, адам укугун чектеген чечим, негизинен эле бул сабатсыз. Ал эми майда-баратын алып келгенде дагы бул жерде чоң сабатсыздык болуп отурат. Эгерде шаар тургундары коммуналдык өзүнүн маселелерин талкуулаш үчүн жыйналса, эмне үчүн электр жарыгы өчүп атат деп жетекчиликти чакырып сүйлөшө турган болсо, алар эмне сөзсүз ипподромго, же Курманбек баатырдын талаасына чыгып кетиш керекпи? Адамдын турмушунда ар кандай проблемалар болот. Ошол проблемаларын чечип, пикир алышып, бийликке өзүнүн сунушун айтыш үчүн адамдарга жыйналганга Конституция укук берген.

Мына эми Конституциянын ушундай шарты менен тоонун башына бар, же ипподромго бар, анан гана сүйлөшөсүң деген бул Конституцияны одоно бузат. Бирок ошого карабастан шаар, облустук бийликтер дембе-дем ар кандай жыйналыштарды өткөрүп атпайбы. Эмне үчүн анда алар аны өзүлөрү айткан жерге барып өткөрбөйт, же аларга өзүлөрүнүн чыгарган токтому туура келбейби? Логикасы жок, сабатсыз жактарын белгилегим келет. Негизинен бул туура эмес, Конституцияга каршы, адамдын фундаменталдык укугун чектегенге аракет кылуу.

Адамдардын жыйналууга болгон укугу фундаменталдык табигый укук, Кудай берген укук, адамды адам кылып жан-жаныбардардан айырмалаган укук. Эгер адамдар жыйнала албаса, маселе талкуулай албаса, "кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, ийри отуруп кеңешип чечим чыгара албаса анда бул адамдык коомдон эмне калат. Сөзсүз эле тоонун башына чыгып, же шаардын четиндеги ипподромго, же свалкага барып сүйлөшүш керекпи.

-Жообуңузга чоң ырахмат.

Маектешкен Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат
XS
SM
MD
LG