Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

ООГАНСТАНДА ЭКС-ДЕПУТАТ АЯЛ ПАРЛАМЕНТКЕ КАЙТЫП КЕЛҮҮ АРАКЕТИН БАШТАДЫ


Ооганстанда аялдардын укугун талашкан экс-депутат aйым парламенттеги ордуна кайра келүү ниетин бышыктады. Парламентте отурган кол башчыларды аесуз сындап, аларды "эшек менен уйга" теңегени менен кеңири таанымал болгон Малалай Жоя өз ордуна кайтып келүү үчүн сотко кайрылды.

Малалай Жояны "Ооганстандагы эң эр жүрөк аял" деп билишет, ал тургай Бирманын бүт дүйнөгө таанымал диссиденти Ауң Сан Су Чиге салыштыргандар да жок эмес. Эми ал канчалык эр жүрөк экендигин кайра бир жолу далилдөөгө камданууда.

Жояны былтыр май айында башка депутаттардын намысына тийди деп, парламенттен чыгарып салышкан. Ал эми 5-апрелде Жоя журналисттерге бул чечимди күчүнөн кетирүүгө ниеттүү экендигин билдирди:

-Буга чейин сотко кайрылбагандыгымдын себеби негизинен коопсуздукка байланышкан. Ошондой эле акча маселеси да болду. Адвокаттар мен төлөй албаган акчаны сурап туруп алышты.

Жоя парламентте жана өкмөттө отурган мурдагы аскер башчыларын аесуз сындап келет. "Жылуу орундарга отургузгандан көрө, бул кор башыларды соттоп, кылмыштары үчүн жазалаш керек болчу" деп айкан ал бир жолу. Ушуга байланыштуу, аны өлтүрөбүз деп коркуткандар да болгон. Бирок 2007-жылдын май айында ал сыналгыдан чыгып сүйлөгөндө парламентти малканага салыштырганы депутаттардын чыдамын түгөттү. Дал ошол сөздөрүнөн кийин депутаттар анын парламенттик мандатын 3 жылга күчүнөн кетиришкен.

Жоя сотто жеңип чыккан күндө да ал депутаттык милдетин аягына чыга албай калышы мүмкүн. Себеби азыркы жыйындын кызмат мөөнөтү 2010-жылы аяктайт, бирок президент Карзай башка бир себептерге байланыштуу парламенттин иш мөөнөтүн бир жыл мурда бүтүрүп, чукул шайлоо өткөрүүнү сунуш этүүдө.

Жоя өз айткандары үчүн эч качан кечирим сураган эмес. 5-апрелде да ал кайрадан кол башчыларына сын такты:

-Парламенттеги чынчыл депутаттарды санасам, 10 манжам да ашып калат, калгандары бүт уюшкан кылмышкерлер менен баңги саткандар", - деди ал.

2003-жылы Жоя Ооганстандын азыркы Конституциясын кабыл алган Лоя Жыргада да ушундай тарыхый вазийпа жүктөлгөн жыйында кор башчылардын үстөмдүк кылганын айыптаган.

Атасы догдурлукка окуган Жоя бала чагынын көбүн Иран менен Пакистандагы качкындар лагеринде өткөргөн. Ооганстанга 1998-жылы талибдердин бийлиги тушунда кайтып келип, жетимдер үйүн жана оорукана ачкан. Кийин Фарах, Херат дубандарында Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү уюмунун жетекчиси болуп турду.

Жоянын колдоочулары аны Бирманын демократиялык кыймылынын символу болгон Аун Сан Су Чиге теңешет, бирок башкалар аны "Батышка барганда, өзүн таанытуу менен алек болуп, шайлоочуларынын кызыкчылыгында инвестиция тартууга аракеттенбейт" деп кине коюшат.

Жоянын адвокаты ага парламенттик мандаты кайтарылып берилет деп ишенет, бирок саясий жолдор менен, мисалы сот иликтөөсүн артка тартуу аркылуу анын мандатынын мөөнөтү бүткөнчөктү, ишти создуктуруп, парламентке келтирбештин айла-амалын табышат деп шектенгендер да болуп жатат.

XS
SM
MD
LG