Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Каарманбек Кулуев, Бишкек Олимпиада оту бүгүн Париж шаарына келди жана дагы бир анти-кытайлык демонстрацияга туш болду. Миңдеген полиция кызматкерлери кайтарып жаткан отту демонстранттар өчүрүүгө аракет кылышты. “Мындай көрүнүш мезгил-мезгили менен театралдык оюнга окшоп жатты” дешет окуяга күбө болгондор. Ушундан улам Европанын саясий чөйрөсүндө да Бейжин-2008 Олимпиадасы талкууланып жатат. Жалпы Олимпиадага бойкот жарыяланбаганы менен, анын айрым иш-чараларына европалык лидерлер катышпай коюшу ыктымал.

Олимпиада отунун дүйнө жүзү боюнча сапары Олимпиада оюндарынын күйөрмандарын ага чакыруу үчүн үгүт иши катары уюштурулат. Бирок бул ирет ал анти-кытайлык демонстранттар үчүн активдүү аракет көрүүгө белги катары баалангандай болду.

Олимпиада оту Франциянын борбор шаарына келгенде Париж мэриясы жайгашкан имаратка “Париж дүйнө жүзү боюнча адам укутарын коргойт” деген чоң жазууну илип коюшуптур. Бул жазуу Кытай бийликтеринин Тибеттеги демонстранттарды күч менен таратуусуна каршы багытталган.

Кытайдагы Олимпиада оюндарына каршы демонстранттардын арасында оюндун символу олимпиада отун тартып алып, аны өчүрүүгө да аркеттенгендери да болду. Демонстранттар менен полиция ортосундагы кагылышуулардан улам олимпиада оту коопсуздук чараларынан улам 2 жолу атайын өчүрүлүп, автобустун ичине алып кирилген. Нааразычылык иш чарасынын катуучушалыры Эйфель мунарасына чыгып, кара байрак желбиретишти. Байракта олимпиадалык символ болгон беш шакекченин ордуна беш көз чынжырлуу кишен тартылган.

Өткөн жекшембиде Лондондогу демонстранттардын бири чуркап бараткан спортчунун колунан отту жулуп алган. Отту атайын от өчүргүч менен өчүргөнгө да аракет кылышты. Анткен менен Олимпиада отунун сапары жалаң гана анти-кытайлык демонстранттар менен полициянын коштоосунда гана болуп жаткан жок. Ал жакта оюндарга кызыгып, жөн гана байкап турган көрөрмандар жана Кытайды колдогондор да бар.

Бейжин Олимпиадасынын уюштуруу комитетинин башчысы Ванг Хуй мындай колдоочуларга өз ишенимин билдирди.

- Олимпиада отунун сапарына тоскоолдук кылган жикчилерге нааразы экенибизди билдиребиз. Олимпиада оту – жалпы дүйнө элинин байлыгы. Аныдктан жикчилердин бир кичинекей тобу дүйнө коомчулугунан колдоо ала алышпайт.

Кытайдын колдоочулары отту коштоп, өлкөнүн желегин желбиретип, анти-кытайлык демонстранттардын жолун торогонго аракет кылышууда. Мезгил-мезгили менен Кытайдын аракеттерине каршылык билдирген демонстранттар “Кытайга уят!” деп кыйкырса, кытайды колдогондор “Өзүңөргө уят!” деген таризде акыйнек айтышып турушат. Мунун баарын 3 миңге жакын полисмен көзөмөлдөп турат.

Мындай чоң демонстрациялар европалык атка минерлердин көңүлүн бурду. Кытайдагы адам укутарынын бузулушу тууралуу өткөн айдын соңунда биринчи болуп билдирүү жасаган дал ушул Франциянын президенти Николя Саркози болгон эле.

- Генерал де Голь Кытайды тааныганда, ал Тибетти Кытайдын бир бөлүгү катары тааныган. Керек болсо, Далай Лама өзү да Тибеттин эгемендүүлүгүнө да, Олимпиаданы бойкоттогону да чакырбайт. Өлкө башчысы катары, мен Кытай өлкө башчысы Ху Цзинтаону жоопкерчилик көрсөтүп, диалогго барууга чакырдым.

“Өзүңүз бойкотту колдойсузбу?” деген суроого Саркози: “Биз мүмкүнчүлүктөргө эшигибизди жаппайбыз”, - деп жооп берди.

Германия канцлери Ангела Меркель Бейжин Олимпиадасына барбай турганын билдирди. Ал эми Британ премьер-министри Гордон Браун менен Америка президенти Жорж Буш, тескерисинче, Олимпиадага бараарын ачыкташты.

Эларалык Олимпиадалык Комитет келаткан Олимпиаданы саясат менен аралаштырбаганга аракеттенип жатат. Эске сала кетсек, 1980-жылы Маскөөдө, кийин 1984-жылы Лос-Анжелесте өткөн Олимпиа оюндарына саясий себептерден улам бир топ мамлекеттер катышуудан баш тартышкан.

Азырынча Бейжин-2008 олимпиадасына катышуудан эч бир мамлекет толугу менен баш тарта элек. Анткен менен, Эларалык Олимпиадалык Комитеттин президенти Жак Роггенин айтымында, жарым-жартылай бойкот болушу мүмкүн.

- Бойкот тууралуу сөз болуп жатат. Мамлекеттик деңгээлдеги бойкоттор болбойт го дейм. Бирок ачылыш аземине катышпай коюу сымал жартылай бойкот аракеттери орун алышы тууралуу кеп-сөздор бар. Мен бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Бейжинге келээр-келбесин ар бир өлкө башчысы өзү чечет. Эларалык Олимпиадалык Комитет буга кийлигишпейт.

Европа өлкө башчыларын Бейжин-2008 Олимпиадасын жартылай болсо да бойкоттоого үгүттөгөн анти-кытайлык демонстрациялар улана берчүдөй. Анын кийинки баскычы Олимпиада отунун сапары менен кошо 8-апрелде Сан-Францискодо орун алат.
XS
SM
MD
LG