Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

ПАРИЖ ОЛИМПИАДА ОТУН НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАРЫ МЕНЕН ТОСУП АЛДЫ


Коопсуздук чараларына карабай, Олимпиада оту --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/058DA0BB-07AC-420F-BF8B-399BC73FC72C.asp дүйшөмбүдө Парижде бир нече жолу өчүп, кайра жандырылды. Тибеттиктердин укуктарын коргогон активисттер менен полициянын тирешүүсү айрым учурларда тамаша оюнду элестеткени менен, көчө театрынын артында олуттуу талаштар орун алууда. Кээ бир европалык лидерлер Бээжин Олипмиадасын бойкоттоо керектигин көбүрөөк сөз кыла башташты.

Эйфель мунарасынан старт алган шамананы алып жүгүргөн жеңил атлетика боюнча чемпион Стефан Диагана 15 метрчей эле чуркоого үлгүрүп, биринчи тоскоолдукка туш болду. Жашылдар партиясынын өкүлү анын колунан отту жулуп алууга аракеттенди. Анын партиялашы болсо, өрт өчүргөн жабдык менен мунарага карай бараткан жолунан полиция тарабынан кармалган. Тибеттин эгемендүүлүгүн талап кылган активисттер менен Чегарасыз кабарчылар уюмунун өкүлдөрү Олимпиада шакекчелеринин ордуна кишен тартылган желектерди көтөрүп алып, шамананы ышкырык менен тосуп алышты:

-Биз Кытайга тибеттиктерди өлтүрүүнү токтоткула! - деп айтуу үчүн бул жакка келдик, - дейт нааразылыгын билдирип турган Ташидолма Бару.

Le Monde гезитинин жазышынча, отту 4 ирет автобуска алып кирип кайра жандырышты. Шаар бийликтери аны техникалык себептер менен түшүндүрүштү.

Елисей талаасын бойлой да Кытайдын Тибеттеги саясатына каршы көз карашын билдирген адамдар тизилип турушту.

-Эркин Тибет! Жоголсун коммунист кытайлар! Эркин Тибет!

Кээ бирлери, атүгүл, жолго жатып алып, эстафетаны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты.

Мындай кырдаалдан улам, иш чаранын уюштуруучулары оттун маршрутун өзгөртүүгө мажбур болушту.

Жекшембиде ушул өңдүү окуялар Лондондо орун алган эле. Оттун эстафетасы өткөн жолдордо Тибетти жактагандар менен катар Кытайдын байрактарын көтөрүп турган кишилер да тизилип, кайым айтышып турушту.

Бул аралыкта Европада өкмөттүн расмий адамдары Олимпиада оюндарын бойкоттого тийишпи деген маселе кызуу талкууланууда.

Франциянын президенти Николя Саркози андай мүмкүнчүлүк жөнүндө биринчилерден болуп сөз кылган эле.

Бирок ал “сиз бойкотту колдойсузбу?”- деген суроого “бардык мүмкүнчүлүктөр күн тартибинде кала берүүдө” деп чектелди.

Калган Батыш лидерлеринен немис канцлери Ангела Меркель Бээжинге барбай турганын билдирди.
Британ өкмөт башчысы Гордон Браун менен АКШ президенти Жорж Буш болсо 29-Жайкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышууну тандашты.

Көчө нааразылыктары лидерлердин чечимин өзгөртүшү мүмкүнбү? Тибеттин таламын талашкандар “ооба” деп үмүттөнүшөт.

Парижден кийин от АКШнын Сан-Франциско шаарына жол тартты. Ал 8-августка чейин 20дай өлкөнү аралап, Кытайга кайтып келүүгө тийиш.
XS
SM
MD
LG