Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

Азык-түлүккө болгон баанын өсүшү --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/AF229520-6E48-4D71-B246-D7EA584283CD.asp дүйнө жүзүндө кооптонууну гана жаратпастан, атүгүл толкундоолорго чейин алып келүүдө. Көптөгөн өкмөт башчылары негизинен экпортту азайтышып, азык-түлүктү өлкөнүн чегинде топтоого аракеттенүүдө. Көрүлгөн чаралар анча-мынча жеңилдеткен менен, келечекте бул аракеттер чоң көйгөйлөрдү жаратпайбы деген суроо туулат.

Өткөн демалыш күндөрү Индиянын Варанаси шаарында азык-түлүк бааларынын кымбатташына нааразы болгон аялдар жүрүш уюштурушту.

Азык-түлүк бааларынын кескин жогорулашынан улам буга окшогон нааразылык иш-чаралары дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да өтүүдө.

Дүйнөлүк Банктын айтуусунда буудайдын баасы 2000-жылдан бери эки эсеге жогорулаган. Маселен, ушул жылдын январынан тарта күрүчтүн баасы 20 пайызга көтөрүлгөн.

Мунайдын болуп көрбөгөндөй кымбатташы жана Кытай өңдүү ири өлкөлөрдүн муктаждыктарынын өсүшү баалардын секиригин жаратууда. Ал эми буудай өстүргөн Австралияда болсо жакында кургакчылык болду. Анын үстүнө акыркы убактарда көптөгөн жерлер эгин айдоого эмес, био-отун өстүрүү үчүн жана башка максаттарга колдонулууда.

Ушул сыяктуу жагдайлардан улам, акыркы он жылдыкта баалуу кагаздар наркы болуп көрбөгөндөй ылдыйлады.

Ушундан улам көптөгөн өлкөлөрдүн, айрыкча өнүккөн мамлекеттердин өкмөттөрү азык-түлүк баасын көзөмөлдөө боюнча чечкиндүү кадамдарга барууга аргасыз.

Орусия, Казакстан жана Кытай кирген 20дай өлкө нан, сүт, өсүмдүк майы өңдүү эң маанилүү продуктулардын баасын бир калыпта кармап турушат. Ошол эле учурда башка өлкөлөр эгин жана азык-түлүктү сыртка чыгарууну ооздукташууда.

Бириккен Улуттар уюмунун тамак-аш жана азык-түлүк агенттигинин экономисти Консепсион Калпэ (Conception Calpe) бул тизмеге күрүчтү экспорттогон көптөгөн өлкөлөр да кирээрин айтты:


-Жакында эле Египет күрүчтү экспорттоону 6 айга токтотту. Индия бир тоннага 1000 доллар төлөмөйүнчө күрүчтү өлкөдөн сыртка чыгарбай тургандыгын билдирди. Камбоджа да айрым тыюуларды киргизди, ал эми Кытай болсо эскпортко 5 пайыздык салык салды. Баалардын өсүшүнө туруштук бериш үчүн бул өлкөлөр ушундай катаал чараларга барууга муктаж, себеби алардын баалуу кагаздар базары дээрлик өнүккөн эмес. Анын үстүнө азык-түлүктү экспорттоп жатып, алар өздөрүнүн бир нече айдан кийинки турмушун да эске алышы керек.

Бирок Калпэнин ою боюнча чукул кадамдар болочокто башка көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал.

Маселен экспорттун төмөндөшү келечекте дүйнө жүзүндө баалардын кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Бааларды көзөмөлдөө чарасын ала турган болсок, айрым азык-түлүктөрүнүн бааларын арзандатуу кээ бир дыйкан чарбаларын банкротко учуратышы мүмкүн.

Ошол эле учурда айрым адистер жогорку баалар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өсүшү үчүн жакшы шыкак болоорун айтат. Пол Брэкс (Paul Bracks) тамак жана айыл чарба тармагында иш алып барган Голландияда негизделген эл аралык Рабобанктын серепчиси.

-Бош жаткан миллиондогон гектарларды эгин айдоо үчүн колдонсо болот. Мисалы мурдагы Советтер Союзунда 25-30 миллион гектар жер колдонулчу эмес. Же ошол эле айдоо жерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүн. Мурдагы Советтер Созунда 1 гектар жерден 1-2 тонна түшүм алынса, Европада бул көрсөткүч 8 тоннага чейин жетчү. Дале толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Бул мүмкүнчүлүктөрдү ургаалдуу пайдалансак, өндүрүмдүүлүк жогорулап, келечекте баалар арзандай баштаар эле.

Брэкстин айтымында, мындай натыйжага 2010-жылдан кийин гана үмүт байлоого болот.

Аида Касымалиева, Прага
XS
SM
MD
LG