Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:01

Д.САПАРАЛИЕВ: КЫРГЫЗДЫН ЖЕРЛЕРИН ЖАНТАЙ КАЗАКТАРГА УБАКТЫЛУУ ГАНА БЕРГЕН


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бүгүн Ысыккөлдүн Түп районунда Казакстанга берилет деген Каркыра жайлоосундагы жер боюнча коомдук жыйын өткөнү турат. Бул арада кыргыз-казак чек арасы боюнча парламенттик комиссия дагы талаштуу маселени жеринде иликтөө үчүн Каркырага жөнөп кеткени кабарланууда. Кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан кыргыз-казак чек арасындагы талаштуу маселенин тегерегиндеги “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин доценти Дөөлөтбек Сапаралиев жооп берди.

-Дөөлөтбек мырза, алгач эки ортодо талашка түшүп жаткан Каркыра жайлоосу тууралуу сөз кылсак. Бийлик тараптын жүйөөсүндө кыргыз тарап мындан уттурбай эле, Казакстанга берилип жаткан 630 гектар жердин ордуна миң гектардан ашуун жерди алып жаткан экенбиз. Бирок коомчулукта дагы каршы пикирлер болуп жатат. Бул боюнча сиз эмне айта аласыз?

-Албетте кыргыз-казак чек арасы бул өтө сыпайкерчиликти талап кыла турган суроолордун бири. Себеби кыргыз-казак бир тууган дегени менен кээде ушунчалык жакындыгыбызды айтыш үчүн “эгиз эл” деп дагы жүрөбүз. Ал эми орус тарыхый булактарда казактар бизден бир кезде бөлүнүп чыккан деген дагы так маалыматтар бар.

Ал эми Каркыра жөнүндө болуп жаткан сөздөргө келсек, мурун Күнгөй Алатоо деген тарапта болгондуктан, ошол тараптагы жерлер чынын айтканда кыргыздын жерлери болгон. Убактылуу бир кезде калмактарга түшкөн. Андан кийин бара-бара Россия империясынын курамына киргенден кийин бул жерлерди бөлүштүрүүгө келгенде саясий кырдаалга жараша Каркыранын көп жерлерин биз казак туугандарга бергенге мажбур болгонбуз. Алгач Түркстан облусу болгондон кийин жаңы чектөөлөр киргизилген. Табыгый чектерге жараша ошол чек араларды түзгөн элек. Ал эмес 1873-жылкы тарыхый маалыматтар боюнча протокол түзүлгөн да, Ысыккөл уезди, Верный уездинин Кулжа районунда чоң саясий окуялар болуп кетип, Россия ошол жерлерди ээлегенден кийин ошол жерлер талашка түшкөн.

-Дөөлөтбек мырза, тарыхчы катары сизде жалпы эле кыргыз-казак чек арасы боюнча кандай далилдериңиз бар. Дегеле бул эки мамлекеттин чек арасынын калыптануу тарыхы кандай болгон?

-Ошол 1873-жылда биз бир далай жерлерди 5 күн талашып отуруп, анан аягында Каркыранын көп жерлерин бергенбиз. Андан кийин чек аранын калыптанышы 1969-жылдарда дагы кээ бир жерлерди, биз өзгөчө Чүй тараптагы жерлерди туугандык сезим менен бергенбиз.

Бул Жантайдын убагында “кыргыздардын жерлерин кырк байталга берип жибериптир” деген тарыхый окуялар бар эмеспи. Казак туугандарыбыз “биз ушул жерлерде убактылуу жашап туралы, Россия империясынан кысым болуп жатат, биз кыргыз болуп, Тынай уруу деп аталалы” деп келгенде Жантай марттык кылып, ошол жерлерди берген экен. Бул тарыхый чындык. Бирок убактылуу гана берлиген. Анда ким ойлоптур ушундан кийин ахыбал өзгөрүп кете турганын.

-Дөөлөтбек мырза, ушундай тарыхый далилдер болсо, эмне үчүн кыргыз тарап аны азыркыдай талаштуу жагдайларда колдоно албайт?

-Себеби ошол чек ара менен алектенген туугандар совет доорунан мурун биздин тарыхчылар менен тыгыз иштебегендиктен, архивдик документтерди колдонбогондуктан, ал эми совет доорунда болсо, жанагындай туугандык сезим менен чечилип кеткен проблемалар болду да. Ал эми жерлер болсо, андан мурун Россия империясынын коллониалдык саясатынын өзбилемдүүлүгү менен чечилип кеткен. Ошон үчүн менин оюмча бул чек ара проблемаларын чечкенде, тарыхчылардын колундагы документтерге, архив документтерине таянышы керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG