Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

ЭЛТРдин БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек ЭлТР коомдук телекөрсөтүүсүнүн байкоочу кеңеши кечээ президентке ачык кат жолдоп, телекомпаниянын жетекчилигин алмаштыруу алардын макулдугусуз болгонун белгилешти. Аталган телекомпаниянын тегерегиндеги соңку окуялар боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна байкоочу кеңештин төрагасынын орунбасары Токтобай Мүлкүбатов жооп берди.

-Токтобай мырза, телекомпаниянын жетекчисин алмаштыруу кандай жүргөнүн айтсаңыз? Себеби байкоочу кеңештин жобосуна ылайык бул маселе сиздердин сунушуңар аркылуу чечилсе керек эле...

-Ооба, бардык өлкөлөрдө байкоочулар кеңеши камкордук көрүүчү кеңеш деп аталат экен. Ушул кеңештин мүчөлөрү бул жобого ылайык сунуш кылынган талапкерди карап чыгышы керек. Менин оюмча, бул жобо бузулганы мындан болуп жатат: канча убакыттан бери деп Мамырайым Дубанаев айтып жатпайбы, ошол убакыттын ичинде канча талапкерди биз менен кеңешсе болот эле. Же Кошалиевди алыш-коюш жөнүндө дагы алдын ала айтып койсо, демократиялык принцип боюнча президенттин сунушуна биз каршы деле болбойт элек.

Бул жерде каршылык жок. Болгону милдетин аткаруучу деген сөздү казактар илгери сонун которгону бар. “Исполняющий обязанности директора неполной средней школы” дегенди “толор-толбос орто мектептин болор-болбос директору” деген которгон жагдайы бар. Мына ушундай болор-болбос директор болуп калбаш үчүн биз кийинки келечектеги муундарга үлгү көрсөтөлү, ушуну чечип коелу, мындан кийин ушундай кемчиликтер кетпесин деген аракет менен жолдодук.

-Байкоочу кеңештин мындан аркы аракети кандай болмокчу?

-Директор Кошалиев кетти. Эми Мамырайым Дубанаев дагы өз убагында 2005-жылы ушундай ахыбалга туш болгон. Ошондо дагы биз Ошто журналисттер чогулуп алып, Мамырайым Дубанаевди коргоп чыкканбыз. Бул жерде биз Кадыр Кошалиевдин отчетун алалы деп жатабыз. 2 жылдын ичинде эмне иш кылды? Эки жылдын ичинде ЭлТРдин Кыргызстан боюнча таанылганын, Фергана өрөөнүндө жыш жашаган 3 калктын ичинде Кыргызстандын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көп аракеттер жасаганын белгилеп коелу, эл алдында атайын айтып коелу, анан бардыгыбыз бир пикирге келсек Дубанаевге жакшы жолдомо, жакшы бирге иштешүүнүн алакасын айтып коелу деген максат болуп жатат.

- ЭлТРдин байкоочу кеңешинде дагы саясий оюндар жүрүп, Улуттук каналдын байкоочу кеңешиндегидей абал кайталанып калбайбы?

-Эми андай дагы болуп кетиши мүмкүн. Мен алар үчүн жооп бере албайм да. Тогуз киши деген тогуз Кыргызстанда белгилүү адамдар. Алардын ар биринин өзүнүн үнү бар, өзүнүн принциби бар адамдар, ошон үчүн мен алар үчүн азыр жооп бере албайм.

-ЭлТР коомдук телекөрсөтүүсүнүн түзүлгөнүнө мына толук үч жыл болду. Сиздин оюңузча ушул үч жылда ЭлТР коомдук телекөрсөтүү деген үмүттү канчалык актады?

-Булар 15 жылдык ишти 3 жылда аткарып коюшту. Кыргызстандын чар тарабына алып берүүчү станцияларды, аппараттарды коюштун өзү эле канча миллиондогон сомдорду талап кылат экен, ошолорду бюджеттен алып, ошолорду башка жактан алып келип, алып берүүчү жерлерге барып коюштун өзү чоң ишти талап кылат экен. Ал эми бул ЭлТРдин чыгармачыл коллективин канчалык деңгээлде иштегенин мына Кыргызстан азыр баалап жатат. Мына эки-үч күндөн бери мага эмне болуп кетти деп Таластан, Бишкектен, Ысыккөлдөн кайра-кайра чалып жатышат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG