Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Парламенттин Өнөр жай, ишкердик, курулуш, архитектура боюнча комитети Кыргызстандын стратегиялык объекттери жөнүндө мыйзам долбоорун жалпысынан жактырып, айрым беренелерин 15-апрелге чейин тактап келүүнү өкмөткө тапшырды. Жаңы мыйзамда стратегиялык объекттер жеке менчик түрүндө болушу да ырасталып, ага улуттук электр тармактары, суу жана жылуулук станциялары кириши мүмкүн экендиги белгиленген. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика тармагы толугу менен менчиктештирилип --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/F2A9EBC2-329B-47A5-814A-46A73E1A87E6.asp кетишине жол ачары айтылууда.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө таасир тийгизчү маанилүү мүлктөрдүн катарына тоо-токой, суу, байланыш-катнаш тармагы, анан да улуттук электр тармактары, жылуулук, ошондой эле электр станциялары кирет. Булардын текши баары мамлекет, муниципал, жеке менчик же менчиктин башка түрүндө болору өткөн жылы жалпы эл тарабынан кабыл алынган Башмыйзамда да ырасталган.

Парламенттин өнөржай, соода, туризм, курлуш, архитектура боюнча комитет жыйынында кыйла талашты жараткан маселе улуттук электр тармактарынын, суу жана жылуулук электр станцияларынын сатылып кетиш ыктымалдыгы болду.

-Бул жерде чочуштун кереги жок. Мен сиздерди ынандырайын деген жерим жок. Укук адистери карап чыгышсын, сиздердин, биздин укукчулар чогуу иштешсин, тыянагын беришсин,- деп айтты Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов.

Ушул эле пикирин ал журналисттер алдында да бышыктады:

-Өкмөттүн урксаты менен гана жеке ишканалар да сатылсын деп жатпайбызбы. Ал Конституцияга да туура келет. Анткендиги биздин мамлекеттин коопсуздугуна тиешелүү ишкананын уюштуруучулары алмаша турган болсо биз карап чыгышыбыз керек.

Парламенттин өнөр жай, соода, курулуш, архитектура комитетинин төрагасы Улукбек Ормонов стратегиялык объекттерди сатуу шартын өкмөт аныктай тургандыгын ырастаган 4-беренени адистер дагы бир жолу карап чыгышы туура болорун белгиледи:

- 4-беренени тактап коюшсун. Биз буга каршы чыккан жокпуз. Мыйзам тартибинде болсун. Эртең кабыл алгандан кийин Конституцяга каршы келчү мыйзамдын бизге кереги жок.

Жаңы мыйзам долбоору буга чейинки бийлик башчыларынын стратегиялык энергетикалык объекттер мамлекет ээлигинен ажыратылбай тургандыгы жөнүндөгү ырастоолоруна каршы келерин Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Рахатбек Рысалиев билдирди:

- Демилгечи стратегиялык объекттердин тизмесин тактап коелу деп, мындан бир жарым ай мурда президент К.Бакиевдин электр станциялары менен электр түйүндөрү боюнча айткан сөзүнө карама-каршы келген мыйзамды киргизип жатат. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда бул мүлк жеке менчик, мамлекеттик менчикте болушу мүмкүн деп жазылып жатат. Бул “мүмкүн эртең менчиктештирүүгө мүмкүндүк түзөт” деген сөз.

Буга чейин стратегиялык объекттердин, ошол эле энергетика тармагынын менчиктештирилиши төрт этапка бөлүнүп, анын конкрет ишке ашырылышы Жогорку Кеңеш тарабынан көзөмөлдөнүп келген. Жаңы мыйзам кабыл алынган соң мамлекет ээлигиндеги маанилүү объекттердин баки-жогу өкмөт тарабынан гана тескелип калганы туру. Парламенттин мурдагы депутаты Тайырбек Сарпашев өкмөттүн алдагыдай кадамын энергетика тармагын толугу менен жеке колго өткөрүүгө жол ачуунун амалы катары сыпаттайт:

- Бул өзү түздөн-түз жеке менчикке өткөрүүгө жол ачат. Анткени ТЭЦти өткөндө Токтогул катарындагы электр станцияларынын өзгөчө статусунан чыгарып бергенбиз. Сатсаң сат деп Бишкек ТЭЦин, “Камбарата – 1 - 2” ГЭСтерин чыгарып бергенбиз.

15-апрелде парламент комитети бул талаштуу маселени экинчи ирет талкууламакчы.


Жогорку Кенеште каралып жактырылган "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" мыйзамдолбоорунан үзүндү.


2-статья


1. Стратегиялык объектиге төмөнкүлөр кирет:

1) мүлк, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө колдонулуучу аскердик техника жана жабдуулар;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары колдонуучу имараттар жана жайлар;

3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик кызматтар пайдалануучу мүлк;

4) магистралдык темир жол тармактары;

5) магистралдык газ түтүктөрү;

6) улуттук электр тармагы;

7) гидро- жана жылуулук электр станциялары;

8) бөлүщтүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары;

9) магистралдык байланыш линиялары;

10) улуттук телерадио берүү корпорациясы;

11) улуттук почта тармагы;

12) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой эле аба кыймылын башкаруу системасынын аэронавигациялык түзүлүштөрү;

13) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору;

14) жер казнасы, токой фонду, токой чарбасынын объекттери, улуттук статуска ээ болгон коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактар;

15) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объекттери, анын ичинде табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулмалар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу насос станциялары;

16) Кыргыз Республикасынын улуттук статуска ээ болгон саламаттык сактоо уюмдарынын объекттери.


2. Менчигинде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактардагы акциялардын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлар), ошондой эле чечимдерди түз же кыйыр аныктоого же менчигинде стратегиялык объекттер болгон юридикалык жактар кабыл алган чечимдерге таасир тийгизүү мүмкүн болгон жеке юридикалык жактардын акцияларынын пакеттери (катышуу үлүштөрү, пайлары) стартегиялык объекттерге кириши мүмкүн.

Стартегиялык объекттерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар ишканалар кириши мүмкүн.


3. Стратегиялык объекттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин рекомендациясы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
XS
SM
MD
LG