Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

БОЛОЧОКТОГУ БОРБОРДУК МЕЧИТ 10 МИҢ КИШИНИ БАТЫРАТ


Бишкекте борбордук мечит куруу үчүн 2006-жылдын апрель айында Ленинград-Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен 10 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Дүйшөмбү күнү президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болгон учурунда, Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы ажы Жуманов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/04/7517D2CD-EF0D-4025-AFE0-87FBABC44B10.ASP ошол мечиттин курулушу бир айдан кийин башталарын маалымдаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев айтып берди.

Биз муфтий Мураталы Жумановдон ошол борбордук мечит кимдин эсебинен, кайсы каражатка куруларын сурап, мындайча жооп алдык:

- Кыргызстанда көп жылдан бери мечит-медресе куруу иштерине жардам берип жүргөн “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” деген кайрымдуулук кору бар. Башчысы Саид Бауми деген жигит. Борбордук мечитти куруунун демөөрчүлүгүн ошолор мойнуна алышууда. Азырынча канча каражат кетери так чечиле элек.

Муфтий Мураталы ажы Жуманов жаан-чачында 10 миң киши намазга жыгылгыдай мечит болсун деп талап кылып аткандыгын да кошумчалады.

2006-жылдын сентябрында Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын баш катчысы Абдулла Абдулмухсин Аттурки Бишкекке келип, республика жетекчилери менен жолугушканда ушул мечит курулушуна жардам колун сунарын, бул маселе боюнча Саударабстандын падышасына айтарын маалымдаган, бирок ошол боюнча жарытылуу жооп болбоптур.

Ал эми президент Бакиев менен муфтийдин жолугушуусунан чоң нерсе күткөндөр да кезигет. “Кыргызстандагы эл аралык ислам кызматташтыгы” борборунун жетекчиси, белгилүү дин ишмери Садыкжан-кары Камалиддин Бишкектин борбордук мечитинин курулушу Бакиевдин заманына туш келип тургандыгын, бул да өзүнчө төлгө-иш экендигин, андыктан президент ага сыртын салбашы керектигин кыйытты.

Конституцияда “дин мамлекеттен бөлүнгөн” деп жазылганына карабастан, Кыргызстандын түпкү улуту – кыргыздар мусулман болгондон кийин алардын жетишпестик нерселерин камсыздоого мамлекет милдеттүү, андыктан жардам берип, мечиттин пайдубалына биринчи ташты президент өзү койсо деген сунушун кошумчалады.

Анын маалыматтары боюнча, Түркмөнстандын мурдагы президенти маркум Сапармурат Ниязов өлкөсүнө өзгөчө чоң мечит куруп калтырган. Өзбекстан президенти Ислам Каримов “Хастиймам” деген мечит-комплексин өткөн жылы Ташкендин борборуна курдурган. Мындай ишти мамлекеттин эсебинен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев да Алматыда жасатып жатыптыр.

Ал эми Кыргызстандын экономикалык жактан жакырдыгын эске алып, мамлекеттин мечит курууга жардам берүүсүн эп көрбөгөндөр да бар. Бишкек шаар тургуну Мелис Курманалиев, маселен, мындай дейт:

- Кыргызстан борбордук мечитти коюп, борбор шаарынын көчөлөрүн оңдоп алсынчы...

Эми бир айдан кийин тиги мечиттин курулушу башталып калса экен деп тынчсыздангандар андан көп.
XS
SM
MD
LG