Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

“Акыйкат үчүн” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/3BA0CF36-162B-4297-A25A-3C50D5C07030.asp кыймылы демилгеси менен 12-апрелде өтө турган жалпы элдик курултайга өлкөнүн чар тарабынан бир жарым миң делегат катыша турган болду. Анын жыйынтыгы катары Кыргызстандын азыркы абалы менен келечеги салмактанган резолюция кабыл алынып, расмий бийликке сунушталаары айтылууда. Бирок аны бийлик эске алабы?

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун билдирүүсү боюнча, делегаттар адегенде Максим Горькийдин Бишкектеги эстелигинин жанына чогулуп, түрдүү маселелер боюнча эркин микрофон алдында саясий талкуу жүргүзүшкөндөн кийин курултайды Кожомкул атындагы спорт сарайында күндүзгү саат 12де башташат.

Анын күн тартибиндеги “Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы, бүгүнкү абалы жана келечеги” деген негизги маселе боюнча төрт докладды “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, экс-депутат Темир Сариев, Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев жана Аликбек Жекшенкулов жасашат. Докладдар жарыш сөз менен талкуулангандан кийин курултайдын чечими катары резолюция жана элге кайрылуу кабыл алынат.

Аталган маселелерди талкуулоо үчүн өлкөнүн чар тарабындагы түрдүү катмар, түрдүү көз караштагы жана Кыргызстандын келечегине күйгөн патриот адамдарды эл тандап, элдин мүдөөсүн айтууга жиберди, ал эми мамлекеттик бийликтин президент Курманбек Бакиев баштаган өкүлдөрүнүн катышуусуна чакырык кыймылдын буга чейин тараткан ачык катында жазылган, дейт кыймыл лидери Аликбек Жекшенкулов:

-Элдин калың катмарынын жана саясий элитанын өкүлдөрү катышат. Президент Курманбек Бакиевге чакыруу жөнөткөнбүз, президент курултайга ким катышаарын өзү чечет деген ойдобуз. Биздин эшик баарына ачык.

Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев болсо бийлик андай чакырыктан кабарсыз деп билдирди:

- Президенттик администрацияда да, өкмөттө да чакыруу болгону биз үчүн белгисиз. Ар түрдүү кайрылуулар, ар түрдүү интервьюлар абдан көп болуп жатат. Алардын кайсынысы кайрылуу, кайсынысы чакырык экени бизге белгисиз экен.

Кыргызстандагы оппозициянын жаңы мууну аталган “Акыйкат үчүн” кыймылы өткөрүп жаткан элдик курултайда бийликтин мамлекетти башкаруу саясатына баа берилип, келечекке иштиктүү сунуштар айтылат деп күтүлүүдө. “Бирок аны бийлик эске алып эсептешээрине коомдо күмөн саноо күч”, - дейт саясат талдоочулар ассоциациясынын жетекчиси Токтогул Какчекеев:

- Мен ушуга абдан арсармын. Себеби биздин бийлик тиги оппозиция экен, тиги башка экен деп, бирөөнүкүн кабыл алса, бирөөнүкүн кабыл албайт. Баарына бирдей тегиз мамиле жасалбайт. Ушундай мамиледен улам эске алуусуна арсар ой бар.

Ал эми курултайга расмий түрдө чакырылбаса да катышаарын билдирген акыйкатчы Турсунбек Акун курултайдын чечимдери менен бийлик эсептешүүгө милдеттүү, себеби ал Конституцияда көрсөтүлгөн дейт:

- Курултай деген Конституцияда каралган чоң жыйын. Кыргыз эли ошондой курултайлар аркылуу өз тагдырын чечип келген. “Акыйкат үчүн” кыймылы радикалдуу талаптарды койбой ушундай аракеттерди жасап жатканы оппозициянын жаңы деңгээлге көтөрүлгөндүгүнүн далили. Курултайдын чечимдерин сөзсүз түрдө кабыл алуу милдеттүү дегенден алыспыз. Бирок аны менен эсептешиш керек. Алар өкмөткө тиешелүү сунуштарды жана альтернативалуу кеңештерди берет. Алардын бардыгын кабыл албаса да, бийлик мерчемдүү, калыс жана элге керектүү пикирлерин эске алыш керек. Эгер бийлик андан чечим чыгара албаса проблема андан да катуу күчөй берет.

Анткен менен курултайды өткөрүү менен коомдо карама-каршылыкты күчөтүп, аны оппозиция бийликке жетүү тилегин орундатчу курал катары колдонууда деген көз караш да жок эмес. Андай пикирин саясат талдоочу окумуштуу Жолборс Жоробеков:

-Бул курултайды уюштуруучулар Кыргызстандын калкы ичинде кандайдыр бир резонанс жасайбыз деген максат менен өткөрүп жатат. Бирок принцибинде мен эч нерсе күтпөйм. Эч кандай өзгөрүү болбойт. Себеби мени катуу таң калтырганы - ошол эле жигиттердин кечээ эле өкмөттө, президенттин администрациясында олтурганда унчукпай, эми айтып жаткандары.Эмне үчүн мурда айтышкан эмес?-деп билдирди.

Курултайда күтүлүп жаткан бир жаңылык - делегаттардын 1937-жылы репрессияда курман болгондордун Ата Бейиттеги эстелигине барып куран окутуу. Кыймыл лидери Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, анын чоң саясий мааниси бар:

-“Ата Бейитте” жаткандар Кыргыз мамлекеттинин келечеги үчүн каза болгондор. Ошолорду эске салып, бүгүнкү күнү бийлик менен байлыкты ойлобой, Кыргызстандын келечегин ойлойлу деген максат менен жасап жатабыз.
XS
SM
MD
LG