Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

Иранда укук коргоочу Парвин Ардалан өзүнө каршы Тегеран соту койгон оор айыптоону четке какты. Апта соңунда ага "мамлекетке каршы үгүт жүргүздү" деген айып тагылган эле. Февраль айында Ардаланга аялдардын тең укуктуулугу үчүн талыкпас күрөшү үчүн Олоф Палме атындагы швециялык сыйлык берилген эле. Бирок Иран бийликтери аны сыйлык тапшыруу аземине жибербей коюшкан.

Олоф Палме сыйлыгын февраль айында жеңип алгандан бери Парвин Ардалан Иранда ар кандай айыптоолор менен үч жолу сот алдына барууга мажбур болду.

5-апрелде ал Тегеран сотунун коопсуздук бөлүмүндө "мамлекетке каршы үгүт жүргүздү" деген айыптоо боюнча сурак берди:

- Теңдик үчүн өзгөрүш жана Занестан деп аталган интернет сайттары боюнча менин ишим тууралуу сурашты. Мен жазган айрым макалалардын мазмунуна кызыгышты. Аталган эки сайттын редакторлор кеңешинин мүчөсү катары мен алардын мазмунун коргоого аракеттендим. Мени бийликтерге каршы үгүт жүргүздүң деп жатышат, бирок мен бул айыпты мойнума албайм.

4-мартта Ардалан Швецияга барып, сыйлыкты алмак. Бирок ал учакка түшкөнү жатканда, коопсуздук күчтөрү паспортун тартып алышты. Ошол бойдон паспортун кайтарып берише элек, ага сыртка чыгууга салынган тыюу да күчүндө кала берүүдө.

2006-жылдын августунда ирандык аялдардын тең укуктуулугун бекемдөө максатында өкмөттүк эмес "Бир миллион кол тамга" кыймылы башталган эле. 37 жаштагы Ардалан бул кыймылдын негиздөөчүсү жана мүчөсү. Ал ошондой эле "Занестан", "Занан", "Ирандын Феминисттик трибунасы" деген сыяктуу бир нече аялдар басылмасында иштеген. Бул басылмалардын бардыгы өкмөт тарабынан жабылып салынды.

Ардалан учурда аялдардын укугун талашкан интернетте чыгуучу "Теңдик үчүн өзгөрүш" деп аталган сайттын редактору. Аталган басылма, ошондой эле "Бир миллион кол тамга" кыймылы өз ишин улантып жатат. Бирок Ардалан жана анын кесиптештери өз ишмердүүлүгү үчүн катуу жаза тартышууда.

Бул өнөктүктүн мүчөлөрү "биз саясатка аралашпайбыз, мамлекетке же динге эч кандай кийлигишпестен, жалаң социалдык көйгөйлөр менен алектенебиз" дешет. Ошого карабастан, бул кыймылдын 40 чакты мүчөсү камакка алынып, көбүнө "мамлекетке каршы чыккынчылык кылган" деген айып тагылды.

Өнөктүктүн Күрдистан дубанындагы эки колдоочусу Ронак Сафарзаде менен Хана Абди өткөн күздө камакка алынган бойдон абакта отурушат. Экөө тең жашы 20дан жаңы ашкан кыздар.

Аларга расмий айып кечээ жакында гана коюлду. Тактап айканда, экөөнү "террористтер жана мыйзамсыз куралдуу топтор менен кызматташкан" деп күнөөлөштү. Укук коргоочулар бул айыптоолорды "бөөдө жалаа" деп четке кагышууда.

Реза Моени Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун Иран, Ооганстан жана Тажикстан боюнча серепчиси. Ал “Азаттыкка” феминисттерди иран бийликтери камакка алып, алардын интернет сайттарын ичинен бузганга аракеттенип, аялдардын гезиттерин жаап жаткандыгын билдирди. Ошол эле мезгилде ал мындай аракеттер тескери жыйынтыкка алып келип жаткандыгын мындайча белгиледи:

- Өкмөт тараптан кысым болуп жатат, бирок берки тарап да карап отуруп калган жок. Мындан бир нече күн мурда 1 миңден ашык укук коргоочулар, феминисттер жана укук коргоочу уюмдар Күрдистанда камалган Сафарзаде менен Абдини колдогон билдирүү жасашты. Бул билдирүү аркылуу аларды "террористтик иштерге аралашкан, куралдуу топтор менен кызматташат" деген өкмөттүн сөзү суу кечпей калды.

Ардалан өкмөттүн кысымы феминисттердин ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, айрымдар мурдагыдай катуу чыкпай калышканын белгиледи. Ошол эле убакта Ирандагы башка укук коргоочулардай эле өзү да тең укуктуулук үчүн күрөшүн уланта берүүгө ниеттүү. "Биз өз максаттарыбызга жетүү үчүн кыйын кезеңдерди башыбыздан өткөрөөрүбүздү башынан эле билгенбиз" деп айтты биздин радиого ирандык феминист.

Сүрөт blogger.com интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG