Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

7:54 “Акыйкат үчүн!” кыймылы элдик курултайдын коопсуздугун талкуулайт


Оппозициялык күчтөр кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун билдиргенине караганда, кыймыл 12-апрелге белгиленген элдик курултайдын коопсуздугун сактоону сурап ИИМге кайрылды. Мындан тышкары коопсуздукту сактоо боюнча комитет түзүлүп, ал тартип коргоо кызматынын ардагерлеринен куралган күзөт тобун даярдоодо. Атайын белги байланган күзөтчүлөр курултайдын жана ага тиешелүү иш-чаралардын учурунда ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу максатын көздөйт. Оппозициячыл күчтөрдүн элдик курултайы Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөрү жана ага 1,5 миңдей адам катышаары мурда кабарланган. Курултайдын алкагында 10-апрелде кыймылдын лидерлери жана мүчөлөрү репрессиянын курмандыктары коюлган “Атабейитке” барып куран окутушат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG