Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Иран уран байытуу программасын кеңейтүүдө


Ирандын президенти Махмуд Ахмадинижаддын билдиргенине караганда, Иран Натанц заводунда 6 миң өзөктүк центрифуга орнотууга киришти. Мындай билдирүүнү президент ядролук технология боюнча улуттук күнгө карата жасады. Бул күндү Тегеран уран байытуу башталган 2006-жылдын апрелинде жарыялаган. Батыш Иран өзөктүк иштетүүлөрдү аскерий максатка пайдаланат деп кооптонууда. Иран болсо бул тынчтык максатка гана пайдаланыларын ишендирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG